Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

ТӨКМӨЛҮК ӨНӨР ЮНЕСКО ТАРАБЫНАН ЭЛ АРАЛЫК МААНИГЕ ТАТЫДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек ЮНЕСКО уюму төкмөлүк өнөрдү эл аралык деңгээлде маанилүү жана кайталангыс өнөр катары тааныды. Бул окуяга байланыштуу бүгүн мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов төкмө акындар менен жолугушат.

ЮНЕСКО төкмөлүк өнөрдү эл аралык деңгээлде жогору койгонуна карата мамлекеттик катчы бүгүн төкмө акындарды кабыл алат. Бул жолугушууда төкмөлүк өнөрдүн бүгүнкү абалы тууралуу сөз болуп, анын мындан аркы өнүгүшүнүн айрым жагдайлары талкууланат. Осмонакун Ибраимов Өкмөт Үйүнүн 7-кабатына Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев өндүү айтылуу төкмө акындарды чакырды. Бул өнөргө ЮНЕСКО мынча көңүл буруп атканына акындар өздөрү да кубанычта. Жаш төкмө акын Элмирбек Иманалиев:

- Абдан туура чечим болгон. Угуп алып аябай кубандым. Төкмөлүк эл аралык коомчулукта эчак баасын алмак, ушинтип.

Кыргыз жана казак элинде гана бар төкмөлүк өнөр чынында эле чет элдиктерди таң калтырып келет. Соңку жылдары аны өнүктүрүүдө бир аз жылыштар байкалгандай. Айрыкча Садык Шернияз жетектеген «Айтыш» коому буга өз салымын кошуп атат. «Эми эл аралык деңгээлде көнүл бурулуп атканы бул өнөрдү өйдө гана тартат» деген ойлор бар. Белгилүү төкмө акын Тууганбай Абдиев мындай дейт:

- Бизди биякка кой, Жеңижок, Токтогул, Барпы эмне деген таланттар!? Бул өнөр тээ жогоруда Космос менен, башка бир сыйкырдуу күчтөр менен байланыштабы деп ойлоп кетем. Ташкындап бир киришкенде айта турган сөздөрүң астыңа өзүнчө кино болуп жайылып калат. Мындай өнөр саналуу гана калкта жолугуп атпайбы! Ушинтип чет мамлекеттен да колдоп турса, өнүгүп гана турабыз.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG