Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:24

КЫРГЫЗЧА ОКУУ КИТЕПТЕРИ ЖЕТИШПЕЙТ


Бекташ Шамшиев, Кабыл Макеш, Бишкек Социалисттик баалуулуктар жокко чыгарылып, Кыргызстан базар экономикасына киргенден бери билим берүү жаатында да олуттуу өзгөрүүлөр болду. Асыресе коомдук илимдерди кайрадан аңдап чыгуу, окуулуктарды жаңылап жазып чыгуу милдети усулчу-илимпоздорго жүктөлгөн. Азырынча кыргыз мектептери окуу китептери менен жетиштүү камсыз боло элек. «Азаттыктын» бүгүнкү «Коом жана турмуш» түрмөгүндө кыргызча окуу китептери тууралуу кеп болмокчу.

Бекташ Шамшиев:
- Кыргызстан билим берүү системасына артыкчылык бере тургандыгы жакында эле Индиянын башкалаасында ЮНЕСКОнун көмөгү менен өткөн чоң жыйында ырасталды. Быйылкы окуу жылын утурлап, Билим берүү жана маданият министрлиги 1 млн. 400 миң нускада окуу китептерин чыгаргандыгы чоң мактаныч менен айтылды. Анткен менен 1,5 миллионго азыраак жетпей калган көрсөткүч азыркы кыргыз мектептеринин талабын толук камсыз кыла албайт. Республика боюнча 146 наамдагы окуу китептери жаңы жазылып же алымча-кошумчаланып жарыкка чыгышы керек. Азырынча окуу китептеринин кыйласы чыга элек. Мунун азарын дале болсо мектеп мугалимдери менен окуучулары тартышууда. Жаңы окуу китептеринин жетишсиздиги балдардын тыңгылыктуу билим алышына кедергисин тийгизбей койбойт. Кыргыз билим берүү академиясынын бөлүм башчысы Сулайман Казыбай уулунун пикири мындай:

- Кыргыз тилиндеги окуу китептери 90-жылдардан тартып түп-тамырынан бери жаңылана баштады. 1999-жылы жаңы окуу китептерин жазуу боюнча жалпы улуттук конкурс жарыяланган. 146 наамдагы жаңы окуу китептери ошол конкурста атайын түзүлгөн комиссия тарабынан жактырылып, тандалып алынган. Ошол китептер эмгиче чыгарылып келатат. Эне тил окуу китептери, «Алиппе», «Математика», «Мекен таануу» - башталгыч класстар үчүн окуу китептери жазылып бүттү десек болот. Башында «Сканирус» деген басмадан чыгарылып келсе, эми өзүбүздүн «Учкун», «Шам» басмаларынан эле ошондой мыкты окуу китептери басылып чыгууда. Бирок бизде окуу китептери жетишсиз чыгарылат. Жыл сайын бизде 70-80 миң жаңы окуучу мектепке кирет. А китептер болсо 30-40 миң нускада гана басылат. «Эне тили» окуу китеби, мисалы, Майлысуу шаарындагы мектептерде 2-3төн эле. Биз анан «окуу китебин чыгарып атабыз» деп мактанганыбыз кайсы да, мектептерге жеткире албай атканыбыз кайсы? Бул өзү ойлонтчу маселе. Билим берүү жана маданият министрлиги авторлор менен тыгыз иштешсе дурус болот эле. Авторлордун окуу китебин даярдоого кеткен чыгымы китептин калем акысынан артпайт. Авторлор эркин басылмалар менен иштешкиси келет. Анан да авторлордун калем акысы илгерки Совет доорундагыдан эч өзгөргөн жок. 90-жылдары ошондой болчу, кийин, азыр деле баштагы калыбында келатат. Негизги окуу китептери - Кыргызстандын тарыхы, адабияты, тили боюнча окуу китептери - окуучуларга жетпейт. 10-11-класстар үчүн кыргыз тили боюнча окуу китеби 5-6 жылдан бери чыкпай келди. Эми араң чыгарылып, мектептерге жеткирилди.

Бекташ Шамшиев:
- Чыгып аткан окуу китептеринин баасы өтө кымбат эмеспи?

Сулайман Казыбай уулу:
- Эми баасы тууралуу кеп - талаш маселе. Сапаттуу, мыкты, 4 түстөгү жасалгасы менен китеп чыгаралы десек, китептин өздүк наркы кеминде 60-70 сомго чыгып кетет. Анан да китептерди таратуу маселеси кыйынга турууда. Министрлик четтен, өкмөттөн алган акчага китеп чыгарып, аны мектептин китеп фондуна өзү жеткирип берет. Эркин басылмалардан чыккан китептердин мектепке жетиши кыйын. Мына, мисалы, өз баасы 50-60 сомдук «Алиппенин» баасы окуу башталганда 150 сомго чейин чыгып атат.

Кыргызча окуу китептеринин илимий-усулдук деңгээли ар кандай. Адистердин айтымында, химия, физика, мекен таануу, адабият окуу китептеринде стилдик алешемдиктер арбын. Айрыкча орус тилинен которулган окуу китептеринин сапаты начар. Котормочунун кыргыз тилинин туюнтуу мүмкүнчүлүгүн жакшы билбегендигинин натыйжасында сөзмө-сөз таржымалданган келегей сүйлөмдөр көп. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин доценти, адабиятчы Садык Тиллебаев окуу китептери тууралуу кандай пикирде?

- Жаңы муундагы окуучуларга, алардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык окуу китептерин жазуу милдети кыргыз агартуучуларынын алдына кырынан коюлду, - дейт Садык мырза. - Бул милдетти агартуучуларыбыз колунан келишинче ишке ашырышууда. Чет элдик гранттардын, колдоо-көмөктөрдүн жардамы тийип жатат. Республиканын өзү бул ишти жүзөгө ашырышка чама-чаркы чак келбейт болчу. Кыргыз тарыхы, адабияты, тили, географиясы, кыргыз мектептери үчүн орус тили, адабияты боюнча китептер толук жазылып чыкты. Так илимдер боюнча окуу китептери орусчасынан таржымаланган. Бул, менимче, туура эле болгон. Анткени дүйнөлүк аты бар окумуштуулардын сынынан өткөн окуу китептерин кыргызчага которуш керек. Биздин окумуштуулардын деңгээлине шек келтиргим келбейт. Бир гана химия окуу китебинин котормосу начарыраак чыгып калган. Бул кенемтени кийин министрлик эске алат го деп ойлойм. 10-класстын кыргыз адабияты боюнча китеби мурдагы Кеңеш доорундагы окуулуктан кыйла айырмалуу, жакшы жазылган. Албетте, анын деле айрым кемчиликтери бар, аны учурунда айтаармын. Насипбек Бакировдун «Дүйнөнүн социалдык жана экономикалык географиясы» аттуу окуу китеби балдардын жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен мыкты илимий-усулдук деңгээлде жазылган. Окуу китебин жазуунун бизде Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстановдордон калган салты бар. Кыргыз илимпоздору ошо салтты улантып, жакшы окуу китептерин жаза берет деп ойлойм.

Кыргыз мектептеринде окуу китептери жетишсиз. Баткен облусунун Лейлек районундагы № 3–гимназиянын мугалими Батма Абдухамидова ал тууралуу мындай дейт:

- Бизди китептин сапатына караганда саны өзгөчө тынчсыздандырат. Мисалы, биздин Лейлектин Арка айылындагы мектеп-гимназиянын 10-классында адабият боюнча үч эле окуу китебибиз бар. Бардык класстарда ушундай. Класстагы окуучулардын теңине да китеп жетпейт. 7-8-класстарда кыргыз тили боюнча үч атаандаш окуу китеби боюнча окутуп жатабыз. Кээде кайсынысын окутушту билбей, адашып калып атабыз. 7-класстын кыргыз тили боюнча окуу китеби кыйла татаал түзүлүп калган. Мурунку эски окуу китептери менен жаңыларын салыштырабыз да.

Кесиптешим Кабыл Макеш кыргызча окуу китептери тууралуу айрым ата-энелердин пикирин сураган. Ошону угуп көрөлү.

Кабыл Макеш:
- Орто мектептерде балдары окуган айрым ата-энелерге кайрылып, окуу китептеринин сапаты жөнүндө сураганыбызда, көпчүлүгү бир ооздон айрым окуу китептери учур талабына жооп бербестигин баса белгилешти. Айрыкча орус тилинен которулган окуу куралдарынын түшүнүксүздүгүн, татаалдыгын жана балдардын жаш өзгөчөлүгү эске алынбай калгандыгын айтышты.

Балдары Бишкектеги Улуттук компьютердик гимназияда окуп, билим алып жаткан Токтогон Элтинов дагы окуу китептеринин түшүнүксүз жазылып, улуттук каада-салт, кулк-мүнөз эске алынбаганын айтты. Ушундан улам ал Борис Шапиронун «Жашоонун сергек мүнөзү» аттуу окуу китебин орто мектептерде окутуу али эрте экендигин белгилеп, буга караманча каршы болду.

Балдары орус тилиндеги мектепте окуган Жумабай Дабын уулу Орусиядан алынган окуу куралдарынын эскирип, колдонуудан чыгып калганын айтып, орус тилиндеги окуу китептерин дагы Кыргызстанга ылайык кайра жазып чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Ошентип, көпчүлүк ата-энелер мектептердеги окутуу программалары татаал түзүлүп, кээ бир окуу китептери да келегей тилде которулганын белгилешти. Дээрлик бардык окуу китептери Совет доорунда жазылып, ошол мезгилдин идеологиясын чагылдырып келген болсо, эгемендүүлүктүн шарапаты менен айрым гана окуу китептери оңдолуп, кайра толукталып кошумчаланып жазылды. Каражаттын тартыштыгынан билим берүү тармагынын окуу китептери менен жабдуу тармагы жаңы жазылып, даяр турган окуу китептерин басып чыгара албай аксап турат.
Ал эми окуу китептеринин баасынын кымбаттыгы башка кеп. Бекташ мырза, сөз тизгинин кайрадан өзүңүзгө узатайын.

Бекташ Шамшиев:
- Кийинки кездери кыргыз тилинин абалы, кыргыз мектептериндеги билим берүүнүн сапатын жакшыртуу тууралуу арбын сөз болууда. Ири шаарларда кыргыз тилиндеги мектептердин азайышын айрымдар бул тилде билим берүү деңгээлинин төмөндүгү менен түшүндүрүп келишет. Чын-чынына келгенде мына ушул улуттук сезимге тийиштиги бар проблемага мамлекеттик деңгээлде чындап көңүл бурулмайынча, мектептин оңолуп кетиши күмөн.

«Азаттыктын» бүгүнкү «Коом жана турмуш» түрмөгүн даярдоого Кабыл Макеш колкабыш кылды. Берүүнү даярдаган Бекташ Шамшиев.
XS
SM
MD
LG