Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:58

ИРАКТЫН КҮНКОРСУЗДУГУН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ПЛАНЫ


АКШ президенти Жорж Буш келерки жылдын июнь айында Ирактагы бийликти ирактыктардын өз өкмөтүнө өткөрүп берүү планын жактады. Бирок, америкалык аскерлерди Ирактан чыгарып кетүү, ал кезде өлкөдө түзүлчү коопсуздуктун абалына жараша болот, - деди Жорж Буш.

Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш жекшемби күнү Ак Үйдө журналисттер менен болгон кездешүүдө 2004- жылдын июнь айында Ирактагы бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүү планын колдоорун билдирди.
Бир күн мурда, ишемби күнү Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында америкалык эки тикучар кагыша кетип, 17 жоокердин өмүрү кыйылган.

Президент Буш да өтүп бараткан апта Ирактагы АКШлык күчтөр үчүн оор болгонун мойнуна алып, ага катар оң жылыштарды белгилей кетти:

- Бул өтө катаал апта болду. Бирок, күнкорсуз жана эркин Ирак багытында биз үзүрдүү эмгектендик. Ирактын башкаруучу кеңеши бийликти өткөрүп алуунун планын иштеп чыкты. Бизди ал план канааттандырды.

АКШнын Ирактагы атуулдук администрациясынын башчысы Пол Брэмер менен Вашингтон колдогон Ирактын башкаруучу кеңеши ортосундагы макулдашууга ылайык, келе жаткан жылдын май айынын аягында Ирактын убактылуу жыйыны шайланат. Убактылуу жыйын бир ай ичинде өлкөнүн өткөөл өкмөтүн түзүш керек.
Бирок, америкалык аскерлерди Ирактан чыгарып кетүү, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу болот деп эскертти Жорж Буш:

- Саясый турмуш алдыга кеткени турат. Саясый жараяндар жүрүп кеткенден кийин, биздин аскерлерди Ирактагы коопсуздуктун абалына жараша жөнгө салабыз.

Пол Брэмер да жекшемби күнү Багдаддан “Fox News” телеканалына сателит аркылуу берген интервьюда, бийликти эл шайлабаган өкмөткө берүү жаңылыштык болор эле деген пикирин айтты:

- Биз - өлкөнүн убактылуу конституциясы жазылгандан мурдараак - Ирактын эгемендигин калыбына келтирели деген туура чечимге жетиштик. Эки-үч айдын ичинде Башкаруучу кеңеш менен чогуу конституцияны жазып бүтөбүз деген ишничтебиз. Бирок, бийликти эл шайланбаган өкмөткө өткөрүп берүү катачылык болот деген ишенимдебиз. Эл шайлаган өкмөттүн июнь айында бизден өткөрүп алышына биз аракет кылабыз.

Франциянын жетекчилиги америкалыктар бийликти Ирактын өткөөл өкмөтүнө үстүбүздөгү жылдын аягынан калтырбай өткөрүп бериши шарт деп санайт.
“Менин баамдашымча, 30-июнь өтө эле кеч”,-дейт Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен “La Croix“ гезитинин дүйшөмбү күнкү санында басылган сөзүндө.

АКШ дайындаган Башкаруучу кеңештин ордуна америкалыктардын көзүн карабаган Убактылуу өкмөттү тез арада түзүүнү көпчүлүк ирактыктар да колдошот.
Багдаддык дүкөнчү Мухаммад:

- Коалициялык күчтөр жакшы чечим кабыл алды. Биз, эл шайлаган жаңы өкмөткө бийлик өтсө, Ирактагы кырдаал жакшы болуп кетет деп үмүт кылабыз. Кудай кааласа, Ирактын эли биригет.

Багдад университетинин пофессору Хейдар Иракта тынчтык болмоюнча, бир да бир өкмөт кадыресе иштей албайт деген ойдо:

- Эгерде өлкө стабилдүү болбосо, бизде өз өкмөтүбүз болот деп ойлобоймун. Бирок, илгери үмүт кылышыбыз керек. Кандай өкмөт болорун шайлоодон кийин көрө жатарбыз. Ачыгын айтканда, биз Ирактагы демократиядан коркобуз.

Анткен менен, профессор Хейдар көпчүлүк калк Саддам Хусейндин 30 жылдык башкаруусунан кийин демократияга жана эркин шайлоону көксөп турат дейт. Хейдар мырзанын, Абу Фахд деген кызматкердин жана башка атуулдардын биздин Багдаддагы кабарчыбызга айтышынча, Ирактын келерки өкмөтү дайындалбастан, эл тарабынан шайланышы керек. Себеби, америкалыктар дайындаган өкмөт Вашингтондун жетеленме баласы болуп калат дешет алар.

XS
SM
MD
LG