Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Түркия синагогаларды жардырган жанкечтинин видеого тартылып алынганы маалым болду


Ишемби күнү Истамбулдагы эки синагогада машинага катылган бомба жарылганда 24 киши набыт болуп, 300 чакты адам жараат алган эле.
Лондондо араб тилинде чыгуучу эки гезит ал-Каида уюмунан жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган электрондук кат келгенин жазып чыгышты. Каттын чынында да ал-Каидага тийешелүү экендигин текшерүү мүмкүн эмес. Катта Кошмо Штаттарына жана ага союздаш Британия, Италия, Австралия жана Жапанияга каршы жаңы чабуулдар болоору эскертилет.

XS
SM
MD
LG