Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:04

Сербияда президенттик шайлоо кайрадан жыйынтыксыз аяктады


Кечээки добуш берүүгө шайлоочулардын 37 пайызы гана келди. Мыйзам боюнча кеминде 50 пайызы катышышы керек эле. Мындан бир жылча мурда өткөрүлгөн эки айлампа да шайлоочулардын пассивдүүлүгүнөн улам жыйынтык берген эмес.
Сербия-Черногориенин тышкы иштер министри Горан Свиланович шайлоонун мындай жыйынтыгын "артты көздөй зор кадам" деп мүнөздөдү. Ал ошондой эле ашкере улутчул Томислав Николичтин алга озуп чыгышы Сербия-Черногориенин эл аралык коомчулуктагы аброюна шек келтирээрин эскертти.
Жекшембидеги добуш берүүдө Николич шайлоочулардын 46 пайызынын колдоосун алды. Анын Радикалдык партиясынын улук өкүлдөрүнүн бири Александар Вучич буларды билдирди:

– Мындан кийин декабрдын 28индеги парламенттик шайлоодо биздин партия күчтүү позицияга ээ болоору анык болуп калды.

XS
SM
MD
LG