Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:10

Хельсинки федерациясы Р.Дырылдаев жетектеген Адам укуктары боюнча кыргыз комитетин тааныганы тууралуу маалымат келди


БИШКЕК. Эл аралык Хельсинки федерациясынын Башкы Ассамблеясы Рамазан Дырылдаев жетектеген Адам укуктары боюнча кыргыз комитетин расмий тааный тургандыгын билдирди. Бул тууралуу бүгүн комитеттин Австриянын Вена шаарында жайгашкан басма сөз борбору кабарлады. Ал маалыматка караганда, мындай бүтүм Эл аралык Хельсинки федерациясынын Башкы Ассамблеясынын 14-16-ноябрь күндөрү өткөн жыйынында кабылданды. Анда Хельсинки федерациясы Юстиция министрлигинде катталган комитетти тааныбай тургандыгы айтылган. Башкы Ассамблеяда ЕККУга мүчө мамлекеттердеги тоталитардык режимди айыптаган билдирүү да кабыл алынган. Жыйында сөз сүйлөгөн Рамазан Дырылдаев Кыргызстандын Юстиция министрлигинин быйыл 10-апрелде кабыл алынган № 91-А жашыруун буйругу тууралуу жыйындагыларга айтып берген. Анда айтылгандарга караганда, бул буйрукта мамлекеттик жана коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген бейөкмөт уюмдардын донорлорун, коммерциялык эмес жана диний уюмдарды, маалымат каражаттарын тымызын таап чыгууга көрсөтмө берилген. Р. Дырылдаев «кыргыз бийлиги Демократиялык кодекс менен эл аралык коомчулукту алдап жатат» деп, Хельсинки федерациясына кирген мамлекеттердин өкүлдөрүн «коррупциялашкан өкмөткө жардам бербөөгө» чакырган. Ал эми өзүн Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин азыркы төрагасынын орун басары катары санаган Рыскелди Момбеков Хельсинки федерациясы кабыл алган билдирүү тууралуу кабарга ишенбей тургандыгын маалымдады. Анткени, анын сөзүнө караганда, федерациянын президенти Арон Роудз Кыргызстанга быйыл ноябрда келип, «комитеттин иши менен таанышкандан кийин гана жыйынтыкка келем» деп билдирген.

XS
SM
MD
LG