Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Стамбулда күрт козголоңчулары басып алган сот имараты бошотулду


Түркиянын полициясы Стамбулда 20дай күрт козголоңчусу басып алган соттун имаратын чабуул коюп бошотту. Өлкөнүн ички иштер министри Абдулкадир Аксу кол салган адамдардын баары абакка түшкөнүн жана имаратта камалган бир нече судья аман-эсен бошотулганын билдирди. Түркиялык маалымат каражаттары полициячылар имаратка чабуул коёр алдында анын ичине уулуу газ коё бергенин кабарлашты. Күрт козголоңчулары 4 жылдан бери түрмөдө отурган лидери Абдулла Өчаланды азаттыкка чыгарууну талап кылышкан. Өткөн ишембиде Стамбулда жардырылган эки синагогада мерт болгон алты жөөттүн сөөгү бүгүн жерге берилди. Алардын зыяпатына Израилдин парламентинин төрагасы Реувен Ривлин катышты. Ал күнкү жардыруулардан бардыгы 24 киши, көпчүлүгү мусулмандар жантаслим болушкан. Араб тилдүү эки гезитте жарыяланган билдирүүдө ал теракттарды "ал-Каида" уюштурганы айтылган.

XS
SM
MD
LG