Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

КОАЛИЦИЯ ТАКТИКАСЫН ӨЗГӨРТҮҮДӨ


Ирактын Тикрит шаарында жана анын чеке-бакасындагы райондордо америкалык аскерлер кеңири масштабдагы операцияларды өткөрүштү. Операцияга артиллерия, танкалык бөлүктөр жана авиация катышты. Андан мурда түндүктөгү Киркук шаарындагы рейддердин маалында америкалыктар спутниктин жардамы менен башкарылуучу тактикалык ракеталарды колдонушкан эле. Президент Жорж Буш бул операцияларды комментариялап, коалициянын күчтөрү Иракта аскери тактикасын өзгөртүп жаткандыгын белгиледи.

Тикриттеги операция маалында Саддам Хусейндин куралдуу жааткерлеринен алтоо окко учту, 21и туткунга алынды. Алардын он бештен ашуун буйгат-буйткалары, үч лагери талкаланды. Киркуктагы рейддердин жүрүшүндө да ирак партизандарынын бир катар очоктору жок кылынды. Операциялардын баары,америкалык аскери өкүлдөрдүн кептерине ылайык, коалицияга кол салгандар жазасыз калбай тургандыгын эскерткен иш чара болду. Антикоалициялык күчтөргө, бригадалык генерал Марк Киммитт Багдаддагы пресс-конференцияда ырастагандай, Хусейндин мурдагы ишенимдүү адамдарынын бири Иззат Ибрагим ал-Доури жетекчилик кылууда. Иззат ал-Доурини колго түшүрүү же жок кылуу үчүн азыр аракеттер көрүлүп жатат, деп айтты генерал Киммитт.

Акыркы кездери коалицияга каршы жасалган иштердин көбүн “Мохаммаддын армиясы” деп аталган топ өзүнө алды. Ага негизинен Ирактын мурдагы чалгындоо жана коопсуздук кызматтарында иштегендер киришкен. Ливандагы Al Hayat-LBC телеканалы көрсөткөн кадрларда аталган топтун мүчөлөрү америкалыктардын он беш күндүн ичинде Ирактан чыгып кетишин талап кылып, шарт аткарылбаса коалицияга кол салуу иштери кескин активдештирилет деп эскертти. “Мохаммаддын армиясы” чет элдик дипломаттарды, соода жана гуманитардык уюмдардын өкүлдөрүн да башкы бута катары атады. Жакында Ирактын убактылуу башкаруу кеңешинин бир мүчөсүн да ушул топ тындым кылгандыгы айтылды.

Бул учурда Италиянын өкүлү Марко Каламаи Ирактагы коалициялык администрациянын курамынан чыккандыгын жарыялады. Пол Бремер жетектеген бул органды ал колунан эчтеме келбеген, эт менен челдин ортосундагы бюрократиялык мекеме деп атады. Каламаи Ирактагы кырдаалды жөнгө салуу бир болсо ООНдун гана колунан келерин белгилеп, Вашингтон администрациясын азыркы саясатын кескин өзгөртүүгө чакырды. Америкалыктар, соңку кабарларга караганда, Ирактагы коалициялык күчтөрдү ООНдун мандатына өткөрүп бергенге макул болгондой. Буга байланыштуу ООНдун башкатчысы Кофи Аннан жакынкы күндөрдө жаңы программа сунуш кылына тургандыгын ырастады. Ошол эле учурда Аннан Ирактагы проблемалардын баарын ООН өзүнө алганга ниети жоктугун да эскертти. Эгер жагдай жакшырса, ООН Иракка кайтып барганга даяр, деп айтты Аннан. Анын айтымында, ООН азыр Иракта кандай иштерге чамасы жетерин талдап-таразалап жатат.

XS
SM
MD
LG