Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

ЖККУ НАТО МЕНЕН АТААНДАШУУНУ ЭМЕС, КЫЗМАТТАШУУНУ КӨЗДӨЙТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өткөрүлдү. Жыйындын соңунда анын катышуучулары биргелешкен билдирүү кабыл алып, журналисттердин суроолоруна жооп беришти. ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа өз сөзүндө «жаңыдан түзүлгөн ЖККУ НАТО менен атаандашууну эмес, кызматташууну көздөйт» деген пикирин билдирди.

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин Бишкекте өткөн биринчи отурумунда 12 маселе каралды. Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун айтымында, отурумдун катышуучулары Ооганстандагы азыркы кырдаал, ЖККУ менен Түндүк Атлантикалык Альянстын ортосундагы кызматташтык жана жаңыдан түзүлгөн уюмдун ишмердүүлүгү тууралуу кең-кесири пикир алмашышты. Жыйын жабык эшик артында өткөрүлдү. Отурумдун соңунда ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа, Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана Тажикстандын бул отурумду алып барган тышкы иштер министри Талбак Назаров журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Николай Бордюжанын айтымында:

- Биз Түндүк Атлантикалык Альянс менен коопсуздукту камсыз кылууда атаандашууну эмес, кызматташууну көздөйбүз. НАТО жана ЖККУ саясий салмагы боюнча түрдүү болгону менен, булардын ишинин мазмуну өтө окшош. Ошондуктан биз НАТО менен кызматташууну көздөйбүз, - деди Николай Бордюжа. Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов өз сөзүндө Кыргыз Республикасы Жамаааттык Коопсуздук Келишим Уюмунунун алкагында кызматташууга өзгөчө маани берээрин маалымдады.

- Кыргызстан ЖККУнун алкагында кызматташууга өзгөчө маани берет. Жаңыдан түзүлгөн бул уюмдун алкагында кызматташтыкты күчөтүү Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына толук жооп берет. Мындай кызматташтыкты чыңдоо эл аралык терроризмге, экстремизмге, баңгизаттарды жана куралды мыйзамсыз ташууга көзөмөл жүргүзүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле, мындай уюм аймактагы өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сактоону камсыз кылат. Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму иш жүзүндө коопсуздукту камсыз кылууда олуттуу күчкө ээ болушуна кызыгат. Кийинки учурда биздин уюмдун аскердик-саясий жана тышкы саясий активдүүлүгү жогорулады. Ага күбө катары уюмдун БУУнун 58-сессиясындагы эл аралык терроризм менен күрөш боюнча билдирүүсүн жана «Кант» аба майданында Орусиянын аскердик авиабазасынын ачылышын айтууга болот, - деди Аскар Айтматов. Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Талбак Назаровдун пикиринде, Канттагы авиабазанын ачылышы Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Отурумдун соңунда андагы каралган маселелер тууралуу биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Ушул эле күнү жыйындын катышуучулары президент Аскар Акаев менен жолугушту. Бейшемби күнү алар «Кант» авиабазасын барып көрүшөт.

XS
SM
MD
LG