Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:35

Кыргызстандын Түркиядагы башкы консулу Стамбулдагы террордук аракеттен жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин кабарлады


БИШКЕК. Стамбулдагы кечээки жардыруудан жабыркагандардын арасында кыргызстандык атуулдар жок. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Дилде Сарбагышева билдирди. Ал эми Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Түркиядагы дипломаттар ал жердеги кыргызстандык атуулдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш жүргүзүп жатышат. Мындан сырткары, Тышкы иштер министрлиги Түркиянын аймагындагы террордук жардырууларга байланыштуу президент Аскар Акаев Түркиянын өкмөтүнө көңүл айтуу телеграммасын жолдогонун кабарлады. Массалык маалымат каражаттары Стамбул шаарынын бир нече жеринде кечээ жардыруу болуп, андан 30га жакын киши каза таап, 450гө жакын адам жабыркаганын маалымдап жатышат.

XS
SM
MD
LG