Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

ДҮЙНӨ КООМЧУЛУГУНУН НАЗАРЫ ГРУЗИЯДА


Дүйнөнүн бир катар лидерлери жана эл аралык уюмдар Грузиянын президенти Эдуард Шеварднадзенин эч кандай кан төгүүгө жол бербестен, бийликтен кеткен кадамын кубаттап жатышат. Грузиядагы соңку окуялар эл аралык басма сөздө да кеңири талкууга алынып жатат.

АКШнын мамлекеттик департаменти расмий Вашингтон Грузиянын мамлекет башчылык кызматын убактылуу аткарып жаткан Нино Буржанадзе менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Мамдептин өкүлү жекшемби күнү кечинде: “Президент Шеварднадзе кызматынан чегинди, биз окуяларга жакындан байкоо жүргүзүүнү уланта бермекчибиз”, - деп айтты.

Европа Биримдигинин басма сөз өкүлү Кристина Галлах болсо “Биз кризистин тынчтык жолу менен чечилүүсүн каалаганбыз, окуялар дал ошондой нукта өнүктү көрүнөт”, - деген мазмундагы билдирүү жасады. Биримдиктин тышкы саясатын жетектеген Хавьер Солана жекшемби күнү Россия жана АКШ өкмөттөрү менен байланышып, Грузиядагы саясий кризиске чекит коюуга багытталган биргелешкен аракеттерди талкуулады.

Расмий Париж да тирешүүнүн кан төгүүсүз аяктаганын кубаттап, тараптардын маселени чечүүдөгү жоопкерчилик мамилесин баса белгиледи.

Белгиянын тышкы иштер министри Луи Мишел өз пикирин француз тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө үндөш таризде жарыя кылды. Министр Шеварднадзенин отставкасы пост-советтик жумурияттагы демократиялык жараянга жаңы шанс берди деп Мишел эсептейт.

Европанын парламенттик ассамблеясынын кеңеши жаңы шайлоолорду өткөрүүдө, ага көзөмөл жүргүзүүдө Грузияга жардамчы болоорун кеңештин төрагасы Питер Шайдер ырастады. “Шайлоо жараяны мыйзамдуу, европалык стандарттарга ылайык жүргүзүлүшү үчүн бар болгон көмөгүбүздү аябайбыз”, - деди Шайдер.

Россиянын президенти Владимир Путин 24-ноябрда кабинет жыйынында Грузиядагы окуяларды мындай деп баалады:

- Шеварднадзе эч качан диктатор болгон эмес, мен муну баса белгилейт элем. Ушундан улам, мыйзамдуу тынчсыздануу жаралбай койбойт. Грузиядагы бийлик алмашуу катуу кысым менен коштолду. Ушундай акцияларды уюштургандар, өздөрүн колдогондор менен катар грузин элинин алдында өздөрүнө чоң жоопкерчиликти жүктөөдө.

Грузин темасы дүйнөлүк маалымат каражаттарында номур биринчи кабар катары чагылдырылууда.

Лондондо чыгуучу “Таймс” басылмасы эми Шеварднадзе бийликтен кеткенден кийин, тезирээк жаңы шайлоо өткөрүлүшү керек деп жазып чыкты. Анткени бийликтин конституциялык жол менен өткөрүлүп алышы гана Тбилисидеги тынчтык ыңкылабын мыйзамдаштырат, - дейт гезит.

“Уолл Стриит Жорнэлдин” редактордук макаласында Шеварднадзенин отставкасы Грузиядагы олуттуу проблемалардын башталышы болуп калышы ажеп эмес деп айтылат. Оппозиция параламенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы нааразылык билдирүүгө, албетте, акылуу болчу. Бирок Тбилисиде апта соңунда болгон окуялар региондогу башка лидерлерге салыштырмалуу, кадыресе демократ президентке каршы төңкөрүшкө окшоп кетти. Эми грузин оппозициясы мурунку өкмөттөн айырмаланып, мыйзамсыз бийлик жүргүзөт. “Атуулдук согуш реалдуу коркунуч болуп калды”, - деген чочулоосун билдирет “Уолл Стриит Жорнэл”.

Гезит ошондой эле АКШга жана эл аралык коомчулукка кайрылып, Грузиядагы демократияны колдоого, баш аламандыкка баткан өлкөнүн эгемендүүлүгүн сактап калууга конкреттүү чара көрүүгө чакырат.

Британиянын “Индепендент” басылмасы Шеварднадзенин кызматтан чегинүүсүн туура кадам катары баалоо менен бирге, президентке андан башка арга калган жок эле деп жазат. Айрым Чыгыш европалык жана балкандык президенттер сыңары, өлкөнүн сыртында таанымал, бирок үйүндө катуу сынга кабылып жүргөн Шеварднадзе бир чети, калктын нааразылыгына, экинчи жагынан, армия жетекчилигинин ички саясий окуяларга аралашпоо тууралуу чечимине туш болду.

“Баркыт” төңкөрүшүнүн тынч өтүшү коррупциядан, жикчил жаңжалдар менен уруштан, Россиянын кийлигишүүсүнөн жабыркап келген Грузиянын келечегинен үмүт жаратат, - дейт “Индепендент” гезити.

XS
SM
MD
LG