Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Жаштар партиясы президентке укук коргоо күнүн белгилөөнү сунуш кылды


БИШКЕК. Кыргызстандагы Жаштар партиясынын төрагасы Айдар Бакыев бүгүн саясий билдирүү таратып, анда 10-декабрды Кыргызстанда «Адам укуктарын коргоо күнү» деп жарыялоону президентке сунуш кылды. Кайрылуу ээсинин пикири боюнча, мындай күндү белгилөөгө Кыргызстанда демократияны бекемдөөгө жана адам укуктарын коргоого багытталган иштердин кийинки кезде көп жасалып жатканы негиз берет жана ал жыл сайын белгилениши зарыл. Ал эми Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу адам укуктарын коргоонун улуттук күнүн белгилөө демилгесин колдой тургандыгын билдирди. Бирок ал бул күндү 10-декабрда - Адам укуктарын коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүндө эмес, 13-декабрда белгилөө ылайык экендигин билдирди. Турсунбай Бакир уулунун пикири боюнча, Кыргызстандын алгачкы акыйкатчысы былтыр 13-декабрь күнү ант берип, кызматка киришкендиктен, аны Адам укуктарын коргоонун улуттук күнү деп белгилөө ылайыктуу.

XS
SM
MD
LG