Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:34

Укук коргоочу Р. Момбеков министр А. Костюкту сотко бермек болду


БИШКЕК. Ѳзүн Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин башкармасынын мүчөсү катары эсептеген Рыскелди Момбеков айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Александр Костюкка каршы сотко доо арыз жолдоорун бүгүн билдирди. Анын айтымында, буга министрдин таластык дыйкандарга жалган маалымат таратканы себеп болгон. Укук коргоочунун ырастаганына караганда, А.Костюк Түркиянын «Робин» фирмасынын иши боюнча Түркияга барып келгенден кийин быйыл октябрда маалымат жыйынын өткөргөн. «Анда министр «төө буурчак өстүргөн дыйкандар түшүмүн сатпай кое турса болот, анткени анын баасы бара-бара 35-40% чейин жогорулайт» деген маалымат берип, таластык дыйкандарды түшүм пайдасынан куру калтырды. Министрдин сөзүнө ишенген дыйкандар түшүмүн сатпай отурушса, төө буурчактын баасы тескерисинче, 35-40% төмөндөп кетти», - деп билдирди Рыскелди Момбеков.

XS
SM
MD
LG