Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Ирактагы АКШ администрациясынын башкеңсесине кайрадан чабуул жасалды


Кошмо Штаттарынын Ирактагы жарандык администрациясынын Багдаддагы баш кеңсесине кайрадан чабуул жасалды.
Маалыматка караганда, шейшемби күнү шамдан кийин АКШ администрациясынын баш кеңсесинин жанына эки ракета келип түшүп, килейген чуңкурду пайда кылган.
Шейшемби күнү АКШлык күчтөрдүн башчысы, генерал Жон Абизайд америкалык аскерлердин катаал тактикасынын натыйжасында коалициялык аскерлерге кол салуулар азайып, бирок, ирактыктарга каршы чабуулдар өскөнүн билдирди:

- Биздин ыкчам аракеттенүүбүздөн улам, өткөн эки аптада коалициялык күчтөргө каршы чабуулдар сейректеди, бирок, тилекке каршы, ирактыктарга каршы чабуулдар көбөйгөнүн байкадык.

АКШ администрациясынын башчысы Пол Брэмер да эрегишчилер АКШлык жана коалициялык күчтөргө каршы чабуулун кыскартып, коалициялык күчтөр менен кызматташкан ирактыктарга кол салууну көбөйтүшкөнүн ырастады.

XS
SM
MD
LG