Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Ажариянын жетекчиси Грузиядагы окуяларды мамлекеттик төңкөрүш деп эсептейт


МОСКВА. Ажариянын жетекчиси Грузиядагы окуяларды мамлекеттик төңкөрүш деп эсептейт. Бул жөнүндө Аслан Абашидзе бүгүн Москвада Россиянын өкмөт башчысы Михаил Касьянов менен жолуккан соң билдирди. Абашидзенин көз карашында, Грузиянын жаңы өкмөтүнүн мындан аркы аракеттерин алдын ала божомолдоп болбойт. Жакын арада Грузиядагы ахвалды Түштүк Осетиянын жетекчиси Эдуард Кокойта менен козголоңчул Абхазиянын башчысы Рауль Хажимба өз ара талкуулашат. Кечээ Россиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов Москва Грузиянын территориялык бүтүндүгүн колдой тургандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG