Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:46

Баткен облусунда ичкелте дартына чалдыккандардын саны азайып калды


БАТКЕН. Облустук санитардык көзөмөл борборунан бүгүн алынган маалыматка караганда, «ичкелте жугузган болуш керек» деген шек туудурган адам акыркы жолу өткөн жумада катталды. Ал эми сентябрь айынын орто ченинен ушул күнгө дейре жалпысынан «ичкелтеге чалдыккан» деген шек саноо менен 95 киши катталып, алардын 63 илдетке кабылганы чындап аныкталган. Бүгүнкү күндө ичкелте менен ооруган 26 киши ооруканада дарыланууда. Оору негизинен Баткендин Чоңталаа, Кызылбел, Таскарык жана Жаңыжер айылдарынан чыккан. Адистер «илдет арыктагы суудан чыккан» деген жыйынтыкка келип жатышат. Анткени аттары аталган айылдарда суу түтүктөрү иштебегендиктен, эл арыктагы агын суудан ичүүгө мажбур.

XS
SM
MD
LG