Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨНҮГҮШҮНӨ МУРДА АЛЫНГАН ТЫШКЫ КАРЫЗДАР ЖОЛТОО БОЛУУДА


Кубат Оторбаев, Кабыл Макешов, Бишкек; Ырысбай Абдраимов, Жалалабад. Көңүлүңүздөрдү «Коом жана турмуш» аттуу маалымат-аналитикалык программабыздын кезектеги чыгарылышына бурабыз. Бул жолу тышкы карызды төлөөнүн абалы жана анын өлкөнүн өнүгүшүнө тийгизип жаткан таасири тууралуу сөз болот. Четтен алынган акчанын канчасы элдин пайдасына, канчасы коррупциянын алкымын майлоого жумшалган?

Кубат Оторбаев:
- Саламатсыздарбы, урматтуу угармандар! Бул жолу «Тышкы карыздарды кайтаруунун абалы кандай? Өкмөттүн кепилдиги менен чет мамлекеттен карыз алып, бирок аны кайтарбай койгон ишканалар, жетекчилер боюнча эмне иштер жасалууда? Кыргызстан тышкы карыздарын жоюш үчүн Париж клубунун алдында алган милдеттерин кандай аткарууда?» деген маселелер тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Финансы министринин биринчи орун басары Эмирлан Төрөмырзаев өлкөнүн тышкы карыздары менен иштейт. Анын маалыматы боюнча, быйылкы жылдын 1-сентябрына карата Кыргызстандын тышкы карызы 1 млрд. 642 млн. долларды түзгөн. Негизинен Кыргызстан 2 млрд. 456 млн. долларлык 115 насыя келишимине кол койгон. Анын 1 млрд. 796 млн. долларын Кыргызстан алып иштеткен. 1992-жылдан 2003-жылга чейин тышкы карыздарды кайтарууга 306 млн. доллар жумшаган. Анын 154 миллиону негизги карыздар үчүн, 152 млн. доллары карыздардын үстөгү үчүн кайтарылган. Эң көп акча берген эл аралык уюм –Дүйнөлүк Банк. Ага Кыргызстандын тышкы карызынын 42% туура келет. Ал эми мамлекеттер арасынан Жапония, Орусия, Түркия, Германия, Корея, Кувейт эң көп акча берген мамлекеттер болуп саналат.

Ушу тапта Кыргызстан үчүн эл аралык финансы уюмдарынан жана чет өлкөлөрдөн алган тышкы карыздарды кайтаруу иши өтө көйгөйлүү маселеге айланганы белгилүү. Өкмөттүн кепилдиги менен карыз алган ишканалардын көбү акчаны кайтарбайт. Натыйжада тышкы карыздар бюджеттин эсебинен төлөнүп келатат. Кайтара турган карыз аябай көбөйүп кеткендиктен, Кыргызстандын жетекчилиги Париж клубунан карыздын бир бөлүгүн кечүүнү, бир бөлүгүн төлөөнү болсо кийинкиге жылдырууну сунуш кылууда. Париж клубу менен жыл бою жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн аркасында былтыр Кыргызстандын тышкы карыздарга жумшачу акчасынын көлөмү 1,6 млрд. сомго азайтылган. Натыйжада бюджеттин эсебинен 524,8 млн. сом же 11,4 млн. доллар төлөнгөн.

Париж клубунун мындай ырайымына карабастан, өлкөнүн тышкы карызды төлөөгө жумшаган акчасынын көлөмү 2002-жылы улуттук дүң продуктунун 13,5% барабар болду. Кыргызстандын жетекчилиги тышкы карызды азайтуу максатында бир нече багыттарда иш жүргүзүүдө. Финансы министринин биринчи орун басары Эмирлан Төрөмырзаевдин айтымында, биринчиден, өкмөттүн кепилдиги менен тыштан карыз алуу токтогон.

- Биз чындыгында мурда өтө көп карыз алчубуз, - дейт Эмирлан мырза. - Ал тургай ылгабай эле ала берчүбүз. Айрыкча 1998-жылга чейин техникалык-экономикалык негиздемени тыкыр карабай эле, долбоор канчалык деңгээлде кайтарым берээрине баа бербей туруп эле карыз ала бергенбиз. 1999-жылдан тартып биз ар кандай кепилдиктерди берүүнү токтотконбуз.

Эмирлан Төрөмырзаев тыштан карыз алуунун тартиби 1998-жылдан тартып катаал боло баштаганын айтат. Анткени «Эл аралык келишимдер жөнүндө», «Мамлекеттик карыз жөнүндө» мыйзамдар кабыл алынып, финансы тармагындагы бир нече мыйзамдарга алымча-кошумчалар киргизилген. «Ошондон улам тыштан жыл сайын алынуучу карыздын көлөмү барган сайын азайууда», - дейт Эмирлан Төрөмырзаев.

- Эгер 1999-жылы тышкы карыздардын эсебинен улуттук дүң продуктунун 12% камсыз кылсак, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча биз улуттук дүң продуктунун 5,6% туура келе турган гана карыз алдык. Биз тышкы карыздарды азайтуунун стратегиясына ылайык, 2005-жылы тыштан карыз алуунун көлөмүн улуттук дүң продуктунун 3% түзгүдөй өлчөмгө чейин азайтууну болжолдоп жатабыз, - дейт ал.

Эмирлан Төрөмырзаев белгилегендей, өкмөттүн кепилдиги менен карыз алуу токтогону менен, мурда алынган карыздарды кайтаруу кыйын болуп атат. Ошондон улам өлкөнүн жетекчилиги Париж клубу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тышкы карыздын, айрым маалыматтар боюнча, 450 млн. доллар өлчөмүндөгү бөлүгүн, айрым кабарлар боюнча, 350 млн. долларын жоюу боюнча иш жүргүзүүдө. Мындан тышкары, өкмөттүн кепилдиги менен мурда алынып, ишкана-уюмдарга таратылып берилген карыздарды мамлекетке кайтаруу боюнча иштер да жүрүп жатат. Бирок өкмөттүн, күч органдарынын андай ишинен жакшы майнап чыкпай келатканы да белгилүү. Ошондон улам коомдо «тышкы карызды алгандар - коррупцияга баткан адамдар, андыктан алар эч убакта жазаланбайт» деген пикирлер арбын. Анын айкын далили катары Жалалабаддагы «Жибек жолу» акционердик коомуна алынган карыз мисалга тартылат. «Балдардын тамагын жана минералдык суусундук чыгарууга» деп, өкмөттүн кепилдиги менен алынган 20 млн. доллардан ашык акча өз максатына жумшалган эмес. Жалалабаддагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун маалыматына караганда, ушул күндөрү ишкана илең-салаң абалда. Алынган карыз кайтармак тургай, жарытылуу салык төлөй албай келатат. Эмесе сөздү сизге берейин, Ырысбай мырза.

Ырысбай Абдримов:
- Ырахмат, Кубат мырза. Мен тыштан көп карыз алган ишкананын бүгүнкү абалы тууралуу айтып берсем. «Жибек жолу» акционердик коомуна караштуу мурда «Гималай» аттуу минералдык суу менен балдардын витаминдүү азыктарын чыгаруучу эки завод 1994-жылы 18,6 млн. долларга курулган. Курулуш иштеринин бүтпөй калганы акционердик коомдун күчү менен кийин бүтүрүлгөн. Быйыл ишкана Болгариянын «Калуфрукт» фирмасына кара өрүктүн 300 тонна пюресин даярдоо милдетин алса, облуста быйыл жемиш болбогондуктан кара өрүктү кошуна Өзбекстандан даярдоого туура келди. Алынган насыя пайыздык үстөгү менен 31 млн. долларга жетип, аны төлөөнү өкмөт 25 жылга узарткан. Бирде иштеп, бирде иштебей, азыр токтоп турган заводдун азыркы абалы жана проблемалары тууралуу «Жибек жолу» акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары Жамалбек Сартов мындай деди:

- Завод бирде иштеп, бирде иштебей турат. Каражат карызга алынган. Үстөгү менен менен карыз 31 млн. долларга чыгып кетти. Завод иштебей, айлыктын аздыгынан жакшы адистер кетип жатышат. Оңдоп, модернизация кылууга өзүбүздүн жабдууларыбыз жок.

Өндүргөн товарлар толук сатылса, өлкөгө көп киреше түшөөрүнө ынанган Жамалбек Сартовдун «өкмөт жардам берсе» деген оюн колдоого алгандар көп. Алардын бири - Абдыкашым Эрматов.

- Жибек жолу» заводунун иштебей калган себебин насыянын туура эмес иштетилгенинен көрөм. Ушундай ишканаларга өкмөт бюджеттик же гранттык жардамдарды көрсөтсө, ишкана бутуна турганда мамлекетке да, элге да жакшы болмок. Атуулдар иш менен, өкмөт болсо салык менен камсыз болмок, - деди Абдыкашым Эрматов. Сөз кайра өзүңүздө, Кубат мырза.

Кубат Оторбаев:
- Ырахмат, Ырысбай мырза. Угармандарга түшүнүктүү болсун үчүн биз Ырысбай мырза менен бирге эмне себептен «Жибек жолу» акционердик коому боюнча тыштан алынган карызды мисалга тартып жатканыбызды айтып өтсөм. Ишкана мындай оор абалда турганы менен, Кыргызстан бул ишкана үчүн алынган каражатты толук, үстөгү менен төлөп берди. Ал үчүн Кыргызстандын Улуттук банкынын Швейцариядагы UBS банкындагы 25 млн. доллар акчасынын 23,4 млн. долларын «Жибек жолу» акционердик коому үчүн алып калышкан. Банкта калган 1,6 млн. доллар Улуттук банкка кайтарылган. Бул окуя 2002-жылы 31-майда болуп өткөн. Ал эми Жалалабаддагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун макаласында белгиленгендей, «ал карызды ишкана мамлекетке 25 жылда төлөп берет» деген болжол бар. Катардагы менчик ишкананын карызын мамлекет Улуттук банктын эсебинен төлөп бергенине Улуттук банктын жетекчиси Улан Сарбанов да түшүнбөй турганын биз менен болгон кыскача маегинде минтип билдирди:

- Адеп-ахлак жагынан алганда, «Ишкана эмне себептен иштеген эмес?» деген суроону изилдеп көрүш керек. «Эмне себептен ишкана иштеген эмес?» деген суроого жооп табууга жардам бериңизчи?! Акчаны алышты, бирок ишкана иштебей турат, эми болсо Улуттук банкты күнөөлөшөт. Улуттук банк ишканалар менен байланышкан эмес. Насыя алып, аны туура эмес пайдалангандар менен күрөшүш керек да.

Улуттук банктын төрагасы белгилегендей, «Жибек жолу» үчүн алынган карыз кайда жумшалып, кимдердин чөнтөгүнө түшүп жатканына күч органдары кызыгып жатабы? Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаевдин пикири боюнча, четтен алынган карыздардын кайда жумшалганына Башкы прокуратура да кызыгып жатат. Бирок андай иликтөө иштерине жолтоо кылган күчтөр көп. Бул тууралуу башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев 7-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында минтип айткан эле:

- Мен сиздерге бир нерсени айтып коёюн, ал насыяларды жөнөкөй кишилер алган жок. Аларды бийликте турган адамдар алышты. Мына ошол адамдарды жоопко тарта келгенде, билесиздерби, ошол тергөөнүн тегерегинде канчалаган интригалар болот? Тергөөнү алып барып жаткан жалгыз адамдын буга кудурети да жетпей калып атат. Андай мисалдардан керек болсо, ондогон фактыларын алып келип берейин. Депутаттар аралашып калып жатат, андай интригаларга. Бийлик адамдары аралашып калып жатат, андай иштерге. Жаңыдан санкция берип камайлы дегенде эле, кепилдик берген адамдары көп болуп чыга келет, керек болсо алардын тизмесин алып келип берейин. Ал эми «Жибек жолунун» насыясы боюнча эки жолу иш козголуп, акыркысы 2000-жылы «мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу» деп кыскартылса керек эле. Мен мурдагы башкы прокурор кандай маселе көтөргөнүн дагы бир жолу тактайын.

Кыргызстандын жетекчилиги ал арада тышкы карыздын чоң бөлүгүн жоюу боюнча Париж клубу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет жана экономикалык саясат боюнча комитетинин төрагасы Жеңишбек Эшенкуловдун айтымында, карыздарды жоюуга жетишүү үчүн Кыргызстан Париж клубунун алдында алган милдеттерин аткарыш керек. Ошондо сүйлөшүүлөр кийинки жылдын сентябрь айында жүрмөкчү. Жеңишбек Эшенкулов мырза менен «Кыргызстандын тышкы карызын төлөө боюнча абал кандай, өкмөт Париж клубунун алдында алган милдеттерин аткара алабы, насыялар кандай пайдаланылган?» деген маселелердин айланасында маектешкен элек.

- Жеңишбек мырза, тышкы карызды кайтаруунун абалы кандай болуп жатат?

- Кыргыз элин белге тепкен, экономикалык, саясий абалды курчуткан тышкы карыз болуп атат. Менин жеке пикиримде, тышкы карызды төлөмөйүн оңолбойбуз. Эгер ЭВФтин бизге койгон талаптарын, бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгү боюнча талаптарын сактасак, 450 млн. долларды кечиши мүмкүн. Эгер ал карыз кечирилсе, мугалимдердин да, дарыгерлердин да айлыктарын, пенсияны да көбөйтүүгө болоор эле.

- ЭФВтин ал талаптарын аткарыш үчүн өкмөт эмне иштерди аткарышы зарыл?

- Ал үчүн ашыкча чыгымдарды азайтыш керек жана салыкты жыйноону жакшыртуу зарыл. Ал эми 2004-жылдагы тышкы карызга келсек, эмдиги жылы 73 млн. долларды тышкы карыз үчүн беришибиз керек.

- Тыштан алынган карызды пайдалануудагы коррупцияга байланыштуу айкын мисал катары «Жибек жолу» акционердик коому үчүн алынган акчаны айтып жүрүшөт…

- «Жибек жолуна» болобу, башка насыяларга болобу, өкмөт кепилдик бере берген. Ал эми Жайсаңбаевге окшогондор болсо бөлүп-бөлүп жеп алышкан.

- Ал эми Түркиядан алынган насыялар боюнча оюңуз кандай?

- Ал насыялар да өкмөттүн кепилдиги менен алынып, анын баары туура эмес пайдаланылган. Бирок антип акча жеп кеткендер боюнча ушул күнгө чейин жыйынтык чыга элек. Күч органдарынан, прокуратурадан сурап, маселе көтөрүп келатабыз, бирок карыздарды кайтаруу боюнча, адилеттик орнотуу боюнча шымаланып киришкен киши боло элек.

Тыштан алынган насыялар боюнча Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет жана экономикалык саясат боюнча комитетинин төрагасы Жеңишбек Эшенкулов мырза менен болгон маектен кийин кептин кезегин кабарчыбыз Кабыл Макешке узатайын деп турам. Кабыл Макеш Бишкектин тургундарынын тыштан алынган карыздарга карата ой-пикирине кызыккан эле. Эмесе, сөздү сизге берейин, Кабыл мырза.

Кабыл Макеш:
- Ырахмат, Кубат мырза. Өлкөнүн тышкы карыздары боюнча эл сын пикирде экен. Алардын айрымдарынын ойлору мындай:

Эмил Асангелдиев, Нарын шаарынын тургуну:
- Кыргызстан четтен көп эле карыз алып атат. Ал акчанын кайда кетип атканын мен, мисалы, билбейм. Элдин деле жашоо-турмушу оңолуп кеткен жок. Карыздарды жаштар, анан биздин бала-чакабыз эле төлөп калат го.

Аман Мырзаканов, Акталаа районунун тургуну:
- Тышкы карыздарды айыл чарбасына көбүрөөк жумшаса. Анткени бир-эки гектарга жер айдайын десе күйүүчү майдын баасы, бензиндин наркы асмандап кетти.

Эмил Абыкенов, Бишкек шаарынын тургану:
- Чоңдор алып эле жыргап жатышса керек.

Кубат Оторбаев:
- Ырахмат, Кабыл мырза. Жогорудагы маектерден белгилүү болгондой, эл арасында да, депутаттар арасында да, ал тургай мамлекеттик кызматкерлер арасында да тыштан тартылган карыздарга карата пикир жакшы эмес. Биз тышкы карыздарды пайдалануунун абалын «Жибек жолу» акционердик коомунун мисалында айтууга аракет кылдык. Анткени бул ишкана үчүн алынган насыя акча кумга сиңген суудай жоголгон. Аны ал тургай Башкы прокуратура да таппай келатканын айттык. Мындан тышкары, Түркиядан алынган акчанын көбү да максатсыз пайдаланылганы белгилүү болду. Түркиянын 70 млн. долларлык насыясынын алкагында «Аккеме-Пинара» мейманканасы үчүн алынган 8,7 млн. доллар да Кыргызстанга келбей эле, Түркияда калганын депутаттык иликтөөлөр көрсөткөн. Ал эми «Дүйнөлүк Банктын PESAC программасынын алкагында берилген насыялар өнөр жай тармагынын абалын оорлотту» деген да пикирлер арбын.

Кадырлуу угармандар, сиздер «Коом жана турмуш» маалымат-аналитикалык берүүбүздүн Кыргызстандын тышкы карыздарына арналган кезектеги чыгарылышын уктуңуздар. Берүүдө өлкөнүн өнүгүшүнө тышкы карыздын тийгизген таасири тууралуу сөз болду. Уктурууну мен, Кубат Оторбаев, алып бардым. Берүүгө Бишкектеги кабарчыбыз Кабыл Макештин, Жалалабаддагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун макалалары пайдаланылды.

XS
SM
MD
LG