Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

«ГРУЗИН CИНДРОМУ», ДЕМОКРАТИЯЛЫК КОДЕКСТИ ОКУТУУ ДЕМИЛГЕСИ, МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМДЫН ДОЛБООРУ


Кыргызстан - Грузия эмес, анткен менен эки өлкөнүн окшоштуктары деле бир топ. Кыргыз басылмаларында «грузин синдрому», бийликтин тынч жол менен оппозицияга өтүшү байма-бай комментарийге алынууда. Президент А.Акаев Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин мүчөлөрү менен жолугуп, Демократиялык кодексти дүйнөгө таанытуу милдетин койду. Мамлекеттик кызматка дайындалчу талапкерлердин кодексти сөзсүз билүү зарылдыгы айтылууда. Мамлекеттик тил мыйзамынын тегерегиндеги кеп-сөз уланууда.

«Кыргызстан - Грузия эмес, анткен менен эки өлкөнүн ортосунан каалаганча параллель табууга болот, - деп жазышат Марипов менен Байгуттиев бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде. - Коррупция, мыйзамсыздык, экономикадагы кедерги көрүнүштөр, оппозиция менен бийликтин келишпестиги, үчүнчү тараптын бийликти жек көрүүсү, бийликтин калк камы үчүн күйүнбөгөнү, элдин социалдык жиктелүүсү. Бийликти өткөрүп берүүнүн грузин варианты ишке ашырылчу болсо, анын натыйжасы Кыргызстанды кандай абалга капталтаарын ачык айтыш кыйын. КМШ өлкөлөрүнүн дээрлик баарында шайлоо жыйынтыгын бийлик каалагандай чыгарганы көнүмүш. Буга чейин административдик ресурс кадиксиз иштеген. Грузияга келгенде андай ыкма иштебей калды» деп белгилешет эки автор. Ушул эле гезитте депутат Өмүрбек Текебаевдин пикири жарыяланган. Анын болжолунда, бир канча жылдан кийин биздин республикада да Грузиядагыдай саясий жагдай түзүлүшү мүмкүн. «Кыргыз-Инфо» маалымат агенттигинин жетекчиси Турат Акимовдун айтымында, Кыргызстанда Грузиядагыдай кырдаал болушу мүмкүн эмес. Мамлекеттик тил мыйзамы тууралуу Рената Есембаеванын «Кайсынысы маанилүү: адам укугубу же улут укугубу?» деген макаласы жарыяланган.

Жума күнү жарыкка чыгуучу «Агым» гезитинде жарыяланчу материалдарды басылманын жооптуу катчысы Төлөгөн Карыкеев мындайча айтып берди:

- 5-күнкү саныбызга «Вахаб көз караш» деген рубрика алдында Абдувахаб Мониевдин макаласы жарыяланганы турат. Жолдошбек Зарлыкбековдун бензин тууралуу материалы да басууга даярдалууда. Азыр тиги Грузияда той-топур болуп атпайбы, ошол тууралуу кабарчыбыз Мамат Сабыровдун «Грузия кайрыктары» деген аталыштагы макаласы жарык көрмөкчү.

Жакын арада Кыргызстандын мектеп окуучуларынан баштап элдин баары Демократиялык кодексти окууга киришээрин бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады. Президент А.Акаев «Демкодекс ар бир атуулдун колунан түшпөс китеби болуп калышы керек, демократиялык ынаным ар бир адамдын кан-жанына сиңирилиши зарыл» деп эсептейт. Анын пикиринде, укуктук маданияты пас чиновниктер жазасыз калууда. Андайга жол бербеш үчүн мамлекеттик кызматкерлер Демократиялык кодексти жат билиши абзел. Эгер президент А.Акаевдин сунушу парламенттен колдоо тапса, кызматка алынчу чиновниктер Демократиялык кодекс боюнча сынактан өтүшөт. Басылмада мамлекеттик тил тууралуу мыйзам долбоорунун парламенттик талкуусу кандай өткөнүн баяндаган репортажга да орун берилген.

«Аалам» гезитинин башкы редакторунун орун басары Кенжебек Арыкбаев басылманын жаңы санында жарыяланчу материалдар менен мындайча тааныштырды:

- «Аалам» гезитинин жума күнкү санында Казакстандагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын оор абалын чагылдырган макала жарык көрмөкчү. Мындан тышкары, Куловду колдоого арналган пикет тууралуу материал, Феликс Куловдун Грузиядагы окуяларга карата пикирин айкындаган чакан маек гезитибиздин жаңы санында жарыяланмакчы. Өткөндө «Агым» гезитинде Азимбек Бекназаров тууралуу жарыяланган терс пикирге каяша катары саяктардын лидери Нурлан Мотуевдин макаласы жарыяланмакчы.

«Кыргыз руху» гезитинде жарыяланчу материалдарды басылманын башкы редакторунун орун басары Калил Жамгырчиев мындайча баяндады:

- «Кыргыз руху» гезитинин бул санында Грузиядагы окуялар боюнча белгилүү саясатчылардын ой-пикирлери жарыяланмакчы. Базаркоргон районундагы ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында адамдарды кантип кордошкондугун, ал жердеги аялдарды канчага сатышканын баяндаган кенен материал басууга даярдалууда. Ошондой эле, Нурлан Мотуевдин «Грузиядагыдай окуя бизде кайталанышы мүмкүнбү?» деген ойду чубаган аналитикалык макаласы да жарык көрмөкчү. Маркум Юсуп Көлбаевдин жесири Чынара Көлбаеванын Орусиянын президенти Владимир Путинге жолдогон ачык каты басууга даярдалууда.
XS
SM
MD
LG