Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Ирактын Мосул калаасында минометтон жаадырылган октон бир америкалык аскер курман болду


Өткөн түнү АКШ президенти Ж.Буш Багдадга жасаган күтүүсүз визитин жыйынтыктап, Вашингтонго кайтып барган. Коопсуздук маселелеринен улам, визит тууралуу алдын-ала жарыяланган эмес. Ал жердеги жолугушуу маалында АКШ президенти Ирактагы аскерлерге Америка элин коркунучтан коргогону үчүн ыраазычылык билдирип, эмки чачыранды чабуулдар биздин эркибизди майтара албайт деп белгиледи.
- Биз кыйын жоготууларды баштан кечирип, жүздөгөн километрлик жолду басып, Ирактын "жүрөк толтосуна" чейин жетип, диктатордук бийликти кулатып, 25 млн адамды эркиндикке чыгаргандан кийин эми каракчылар менен террорчулардын чакан топторуна багынып бербейби. Анын сапары ирактыктар арасында ар түркүн пикирлерди жаратты. Башкаруу Кеңешинин мүчөсү Мувафик ар-Рубейе АКШ президентинин сапары жемиштүү болгонун айтса, Кеңештин башка бир мүчөсү Махмуд Отман визит Ирактагы америкалык аскерлердин маанайын көтөрүүнү гана көздөгөн деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG