Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:19

Москвадагы студенттек жатаканада чыккан өрттөн курман болгон кишилердин саны 38ге жетти


МОСКВА. Россиянын Элдердин Достугу Университетинин жатаканасында болгон өрттөн круман болгондордун саны 38 кишиге жетти. Өткөн түнү Боткин ооруканасында өрттөн жараат алган дагы бир киши каза болду. Шаардын ооруканаларында өрттөн жабыркаган 157 киши кала берүүдө, алардын бешөөнүн ахвалы өтө оор. 24-ноябрга караган түнү чыккан өрттүн себептери иликтенүүдө. Божомолдорго караганда, өрт электр энергия менен камсыздоо системасында бузуктук болгондон чыккан. Жакын арада Элдердин Достугу Университетинин мурдагы ректору, азыр Россиянын билим берүү министри болуп иштеп жаткан Владимир Филимонов күбө катары суракка алынмакчы.

XS
SM
MD
LG