Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Литвадагы демонстрациянын катышуучулары президент Роландас Паксастын отставкасын талап кылышты


Демонстранттар президентти анын айланасындагы адамдар эл аралык кылмыш топтору менен байланышта тургандыгы үчүн айыпташууда. Алар мунун менен президент өлкө Европа Биримдигине жана НАТОго кирээр алдында өлкөнүн аброюуна шек келтирди жана импичмент аркылуу кызматтан четтетилиши керек деп эсептешет. Президент Р.Паксас өзүнө карата айтылып жаткан айыптоолорду төгүндөөдө. Президенттин айрым кеңешчилери жана анын кеңсесинде иштеген адамдардын орусиялык мафия менен алакасы бар экендиги жөнүндөгү маалыматты өлкөнүн коопсуздук кызматы өткөн айдагы отчетунда ачыкка чыгарган. "Саюдис" деп аталган саясий кыймыл уюштурган бүгүнкү демонстрацияга полициянын маалыматы боюнча 5 миңдей адам чыкты.

XS
SM
MD
LG