Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Жалалабад шаарында митинг өткөрүү тууралуу үч уюмдун арызын мэрия кабыл алган жок


ЖАЛАЛАБАД. «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа» комитетинин облустагы бөлүмү менен «Адам укугун коргоо» уюму жана Коммунисттик партиянын Сузак райондук комитетинин башчылары 13-декабрда митинг өткөрүүгө уруксат сураган арыздарын шаардын башчысы Болот Жумабековго тапшырмак болушкан. Митингде күйүүчү майдын жана буудайдын бааларынын өсүшү, электр энергиясынын карызын өндүрүү саясаты талкууга алынмак. Саясий акцияга Жалалабад, Сузак, Базаркоргон аймактарынын атуулдары катышаары эскертилген. Шаар башчысы арызда көрсөтүлгөн проблемалар боюнча жергиликтүү бийлик аракет жасап жаткандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG