Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:11

«САЯСИЙ МАНИПУЛЯЦИЯ» ДЕГЕН ЭМНЕ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Соңку жылдары Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү максатында «Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңеш», демократияны өнүктүрүү үчүн «Демократиялык коопсуздук кеңеш» түзүлүп, «Кыргызстан адам укугун урматтаган өлкө», «Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз» деген сыяктуу мамлекеттик ураан, чакырыктар кабыл алынды. Ошондой эле жакырчылыкты жоюу максатында улуттук программа иштелип чыкты. Оппозиция өкүлдөрү жана айрым саясатчылар «мындай иш-чаралардан майнап чыкпайт» деген пикирлерин айтышууда. «Коом жана турмуш» берүүсүнүн жаңы чыгарылышы кыргыз бийлигинин жогорудагыдай саясатына арналды.

Бакыт Аманбаев: Акыркы убакта кыргыз бийлиги тарабынан жакырчылыкты жоюу, коррупцияга каршы күрөшүү жана демократияны өркүндөтүү максатында жогоруда айтылгандай ар түрдүү коомдук кеңештер түзүлүп, ураан, чакырыктар кабыл алынды. Буга байланыштуу коомчулукта «бийликтин жогорудагыдай аракеттери ишке ашабы же сөз түрүндө калабы?», «ар кандай коомдук кеңештерди түзүп, ураандарды кабыл алуу менен коррупцияга каршы күрөш күчөп, жакырчылыкты жоюуга болобу?», «бийликтин жогорудагыдай саясатын турмушка ашыруу механизми барбы?» деген суроолор жаралууда. Ошондон улам түрдүү көз-караштагы саясатчыларды, адистерди жана карапайм атуулдарды сөзгө тартып. Алгач Мыйзам чыгаруу жыйынынын ортомчул көз-караштагы депутаты Кубатбек Байболовго кайрылып, аткаруу бийлигинин жогорудагыдай иш чараларына карата пикирин сурадык.

- Коррупция менен күрөшүү үчүн атайын министрликтер бар. Ал эми бизде ошол бийлик органдарынын үстүнөн дагы өзүнчө коомдук кеңештерди, комиссияларды түзүп жатышат. Ошону менен бирге эле жаңы түзүлгөн кеңештердин коррупция менен күрөшүү үчүн жетиштүү ыйгарым укуктары жок. Менин оюмча, мына ушундай жол менен өлкөнү башкара албайбыз», - деди Кубатбек Байболов.

Ал эми оппозиция өкүлдөрү «кыргыз жетекчилигинин жогорудагыдай иш-чараларды турмушка ашыруу механизмдери жок. Мындай аракеттерди бийлик соңку жылдарда жүргүзгөн саясат майнап бербей калганда келечекте да бийликте калуу максатында жасашууда» деген пикирлерин айтышууда.

- Жогорудагыдай иш-чаралар кабыл алынган сайын мен жана мени менен пикирлештер бул - «саясий манипуляция» деп айтып жатабыз. Тагыраак айтканда, бул-саясий жактан элди алдоо. Экинчи жагынан чет өлкөлөргө жагынып, аларды да «биз мындай иштерди аткаруудабыз» деп аларды алаксытуу. Биздин кыймыл мындай аракеттерди кыргыз бийлигинин саясий, социалдык-экономикалык жактан кризиске учурап бүтүп, өз бийлигин сактап калууга жасаган аракети катары баалайбыз, - дейт «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын жетекчиси Азимбек Бекназаров.

Оппозиция өкүлүнүн жогорудагыдай пикиринен улам биз «саясий манипуляция» деген түшүнүктү чечмелөө максатында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев менен маек уюштурдук.

- Абдыганы мырза, адегенде, «саясий манипуляция» түшүнүгүнө пикириңизди айтсаңыз?

- Саясий манипуляция илгертен болгон жана боло берет. Аны кыргызча которгондо «саясий куулук», «саясий чайкоочулук», «амалкөйлүк» деген сыяктуу маани берет. Бул турмуштун ар кайсыл жактарында болот.

- Мына айрым оппозиция өкүлдөрү «жогорудагыдай ар түрдүү кеңештерди түзүү менен корруцияны жоюп, кедейликти кыскартууга болбойт, кыргыз бийлиги келечекте бийлигин сактап калуу үчүн саясий манипуляцияга барууда» деген пикирин айтышууда. Буга сиз кандай карайсыз?

- Андай сөздөр жана ой-пикирлер бекер жерден чыкпаса керек. Айрым талдоочулар, аны-мунуну жакшы түшүнгөн кыраакы кишилер ошондой болжошу да ыктымал. Бирок мындай ыкма буга чейин колдонулган жана колдонула берет. Менин оюмча, президент тарабынан жүргүзүлгөн иш чараларды мамлекет башчысынын демократияны өнүктүрүүгө карата жасаган иштери катары бааласа болот.

- Абдыганы мырза, ушундай жолдор менен корруцияга каршы күрөшүп, жакырчылыкты жоюуга болобу?

- Мындай иш чараны коррупцияга каршы күрөштүн элементи катары бааласа болот. «Жалаң эле ушундай жол менен коррупцияны кыскартабыз» деген аңкоолук болот жана ал мүмкүн эмес.

Бийликтин саясаты Кыргызстандын жер-жерлеринде кандай турмушка ашырып жатат? Бул максатта Жалалабаддагы кабарчыбыз Ырыспай Абдраимов даярдаган сурамжылоону сунуш кылабыз.

Ырыспай Абдраимов:

- Облустагы атуулдар менен бийлик өкүлдөрү коррупцияга каршы күрөш жана адам укугун урматтоо жаатында түрдүү көз-карашта экендиги айкын болду. Жалалабад шаарынын тургуну Абдишарип Бекиловдун пикири боюнча, өлкөдө мыйзамдардын толук аткарылбай жатканына коррупция жолто болууда. Жемкорлук окууга өтүү үчүн пара берүүдөн, жумушка кирүү үчүн белек-бечкек, акча берүүдөн башталат.

- Жогорку окуу жайларына тааныш аркылуу өткөндөр, - дейт Абдышарип Бекилов, аны тааныштарынын колдоосу менен бүтүрөт. Андан соң тааныш аркылуу жумушка орношот. Иш жүзүндө анан жумушка алган адамга көз-каранды болот. Ошондуктан, мен республикада жумушка алуу-орношуу жаатынын 30-20 пайызы коррупциялашкан деген ойдомун.

Облустун социалдык иштер боюнча бөлүм башчысы Асият Бареитова мындай пикирде:
- Кедейликти азайтуу үчүн атуулдардын аң-сезимин өзгөртүү керек. Биринчиден, жакыр адам өзү аракет кылышы керек. Берилген жардамга ишенип олтура берсе, биздин аракет деле текке кетет.

Укук коргоочу Жалил Сапаров коррупция менен күрөшүүнүн жолу тууралуу:

- Бизде каяктагы айкындуулук?! Коррупцияны жазган гезиттерди соттоп, ар кандай жолдор менен аларды жаап жатса эл чындыкты кайдан билмек эле?! Коррупционерлер эч качан өзүнө каршы күрөшүшпөйт. Бийлик дагы корруцияга кулагына чейин батып калды, ошндуктан ага каршы күрөшө албайт. Ал эми жакырчылыкты 5-7% кыскарттык дешип, төмөн жактагылар жогорку бийлик өкүлдөрүнө жалган маалымат айтып жатышат, - деген пикирин айтты.

Бакыт Аманбаев:

- Ырахмат, Ырысбай мырза. Саясат таануу илиминде айтылгандай, жогорку бийлик өкүлдөрү качан өлкөдө социалдык-экономикалык кризис башталганда карапайм элди жана дүйнө коомчулугун утурумдук убадалар менен алаксытып, «саясий манипуляция» же «көз боёмочулук» саясатына барышат. Адегенде бийлик өкүлдөрү ишке ашпаган, адам укуктары, эркиндиктери сыяктуу демократиялык баалуулуктарга негизделген социалдык-экономикалык программаларды иштеп чыгышат. Анткени мындай программаларда ар бир адамдын мүдөөсү чагылдырылып, коомчулук тарабынан эч кандай сын-пикирсиз кабыл алынат. Ошондой эле бийлик өкүлдөрү өз максатына жетүү үчүн өлкөдөгү бардык эркин басма сөз каражаттарын жаап, коомчулукка бийликти жактаган гана бир жактуу маалымат берүүгө аракет жасайт. Ал эми саясий манипуляцияга жол бербөө үчүн өлкөдө мамлекеттик маалымат каражаттары менен катар эркин маалымат каражаттары да болушу зарыл. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынын төрагасы Абдыганы Эркебаев:

- Элдин саясий аң-сезими жогору болуп, өз укуктарын билсе алар алданышпайт. Бул - элдин жашоо-шарты, билимине жараша болот, - деди биз менен болгон маегинде.

Тектеш

XS
SM
MD
LG