Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Облустук телерадиокомпаниялар арасындагы конкурс жыйынтыкталды


БИШКЕК. Бүгүн облустук телерадиокомпаниялар арасында элет жериндеги ишкер аялдардын бейнесин мыкты чагылдырган телекөрсөтүүлөр боюнча өткөн конкурс жыйынтыкталды. Ушул жылдын февраль айынан тарта өткөрүлгөн конкурска Ош, Жалалабат, Нарын жана Талас облустарынын телерадиокомпаниялары катышты. Биринчи орунга «ОШ-3000» телерадиокомпаниясы татыктуу болсо, элет жериндеги аялдардын проблемаларын чагылдырган эң мыкты регионалдык телекомпания деп Талас облусунун телерадиокампаниясы табылды. Конкурс Ишкер аялдар ассоциациясынын «Аялдардын жерге болгон укуктарын колдоо» программасынын алкагында өткөрүлдү. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдарды өнүктүрүү фондунун, айыл жана суу чарба министрлигинин Ардак грамоталары, акчалай сыйлыктары берилди. Бул жөнүндө Ишкер аялдар ассоциациясынын төрайымы Гүлнара Баймагамбетова маалымдады.

XS
SM
MD
LG