Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Орусия Грузия менен Молдовадагы аскерий базалары качан жабыларын айткан жок


НАТО Орусияны мурда кол коюлган документти аткарып, Грузия менен Молдовадагы аскерлерин чыгарып кетүүгө үндөдү. Брюсселге барган Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов Москва 1999-жылы Стамбулда кол коюлган келишим боюнча ал жердеги аскерий базаларын жабат, бирок ал качан ишке ашырылаарын так айта албайм деп маалымдады. Стамбулда бекитилген келишим боюнча Орусия Грузиядагы аскерлерин 2001-жылы, Молдовадагы күчтөрүн ушул декабрь айында чыгарып кетмек. Бейшембиде Брюсселде чогулган НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында Стамбул келишимин аткаруу зарылдыгы жана Грузия менен Молдова Орусиянын базаларын жабууга аракет көрө баштаары айтылды.

XS
SM
MD
LG