Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Тайванда даярдалып жаткан референдумду Бээжин провокация деп атады


Кытай жетекчилиги бүгүн Тайвандын президенти Чен Шуй-бянды катуу сынга алып, ал даярдап жаткан референдумду Кытайдын бүтүндүгүнө шек келтирген провокация деп атады. Тайван жетекчилиги март айында жалпы элдик референдум өткөрүп, Кытай аймагындагы Тайванга мээленип турган ракеталарды андай даярдыктан алып салууну талап кылууну пландаштырып жатат. Референдум президенттик шайлоо менен кошо өткөрүлүүгө тийиш, бирок парламент ага азырынча өз макулдугун бере элек. Тайван Кытайдан 1949-жылы бөлүнүп кеткен, бирок Бээжин аны Кытайдын ажырагыс бөлүгү катары эсептейт.

XS
SM
MD
LG