Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

АКШ коргоо министри Рамсфелд бүгүн Грузиядан Иракка келди


АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд бүгүн Грузиядан Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарына келип, андан соң борбор калаа Багдадка барып, Ирактын убактылуу америкалык башкаруучусу Пол Бремер менен жолукту. Америкалык генерал Раймонд Одиеронун айтымында, Киркук шаарынын айланасындагы жолдорго коюлган бомбалардын 70 пайызына жакынын америкалык аскерлер таап, зыянсыздаштырды, акыркы аскерий аракеттердин натыйжасында, согушкерлердин чабуулдары басаңдады.

XS
SM
MD
LG