Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Россиядагы парламенттик шайлоого Кыргызстандык байкоочулар катышууда


БИШКЕК. Россиядагы парламенттик шайлоого Кыргызстандан байкоочу катары Борбордук шайлоо комиссиясынын, Жогорку Кеңештин, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышууда. Борбордук Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Болот Малабаев менен Көкөмбай Турусбеков Москвадагы шайлоо бөлүмдөрүндө, ал эми «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар Коалициясынын төрагасы Эдил Байсалов Татарстанда өтүп жаткан шайлоого байкоочу катары катышууда. Биз бүгүн Эдил Байсалов менен телефон аркылуу байланышканыбызда, ал Россиядагы парламенттик шайлоо алдындагы үгүт кампаниясынын жүргүзүлүшү демократиялык стандарттарга ылайык келген жок деп маалымдады: «1999-жылы Россияда өткөн парламенттик шайлоодо саясий партиялар, саясий блоктор дебаттарды уюштуруп, шайлоочуларга кайрылып, алардын колдоосуна ээ болушкан. Бул шайлоодо болсо, Москвада, Екатеринбургда же Татарстанда болобу, бүт мамлекеттик бийлик машинасы бир эле партияга – Единая Россия партиясына иштеди. Россиянын 28 губернатору бир партиянын тизмесине кирди. Муну мына бүгүн да көрүп жатабыз. Тилекке каршы, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүргүзүлүшү демократиялык стандарттарга ылайык келген жок», - деп маалымдады Казандан Э.Байсалов.

XS
SM
MD
LG