Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Зимбабвенин британ шериктештигинен чыгып кетишине өкүнүч билдирилүүдө


Канаданын өкмөт башчысы Жан Кретьен мындай деди:
- Абал оңолуп, элдешүү болот деп ишенебиз. Биз биринчи кезекте Зимбабвенин элине кабыргабыз кайышып жатат.
Нигерияда өтүп жаткан жыйынында Британ Шериктештиги менен мурдагы колониялардын мамлекет башчылары Зимбабвенин мүчөлүгүн убактылуу токтотуу чечимин күчүндө калтырышты. Өткөн жылдагы бурмаланган шайлоодон кийин Зимбабвеге карата ушундай чара көрүлгөн. Бирок Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе мүчөлүккө тыйуу салуунун күчүндө калышы менен макул эместигин билдирип, Зимбабвенин шериктештиктен чыгып жаткандыгын жарыялады.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган -Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG