Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:02

ПРЕЗИДЕНТ ПУТИНДИН “КАМЧЫСЫ” ДАГЫ УЗАРДЫ


Aмирбек Азам уулу, Прага шаары Россияда жекшемби күнү болгон парламенттик шайлоо президент Путиндин таламын жактаган “Бирдиктүү Россия” партиясына чоң ийгилик алып келди. Алдын-ала маалыматтар боюнча, мансабы бийик бийлик өкүлдөрү жетектеген бул партия беш пайыздык чектен өткөн башка үч партияга караганда дээрлик төрт эсе көп добуш алган.

Дүйшөмбү күнү бешимге карай, бюллетендердин 91 пайызы эсептелгенден кийин, президент Владимир Путин колдогон “Бирдиктүү Россия” партиясы келээрки Мамлекеттик думада үстөмдүк кылаары айкын болду.

Борборшайлоокомдун төрагасы Александр Вешняковдун маалымдашынча:

- Бирдиктүү Россия 36,8 пайыз менен биринчи орунду ээледи. Россия Федерациясынын Коммунисттик партиясы 12,7 пайыз менен экинчи, Россиянын Либералдык Демократиялык партиясы 11,8 пайыз добуш алып, үчүнчү орунду ээледи жана “Ата мекен” блогу 9 пайыз добуш алды.

Натыйжада, алдын-ала эсептөөлөргө ылайык, жаңы шайланган Мамлекеттик думада “кремлчилер” 222 мандатка, КПФ – 53, жириновскийчилер - 38, үч ай мурда түзүлгөн улутчулдардын “Ата мекен” партиясы – 37, Явлинский башындагы “Яблоко” менен Анатолий Чубайстын жетекчилиги астындагы Оңчул күчтөр биримдиги үчтөн мандатка ээ болот деп болжолдонууда. Мамдумада 450 орун бар.

Натыйжада, кремлчил партия мыйзам чыгаруу органынын ишин каалагандай тескегенге мүмкүнчүлүк алды. Демек, Мамлекеттик дума саясый күчкө бириккен россиялык чиновниктердин башын кошкон органга айланат.

Төрт жыл мурда саясатта эч изи болбогон “Бирдиктүү Россиянын ” ийгилигинин бир артыкчылыгы - ал президент Путиндин партиясы. Владимир Путин өзү “мен эч бир партиянын мүчөсү эмесмин” деп кайра-кайра кайталаганы менен, “Бирдиктүү Россияга” жан тартканын коомчулуктан жашырбай айтып жүрчү.

Немистердин “Берлинер Цайтунг” гезити жазгандай, Россиядагы эң ири партия президенттин кеңсесине лам дебей кызмат кылаарынан кыпындай да күмөн жок. Себеби, акыркы кезде Кремлден түшкөн көрсөтмөлөргө Мамдума “демократиянын чапанын” кийгизип, коомчулукка сунуш кылып жүргөн.

Жаңы Дума Путиндин бийлигин ого бетер чексиз кылат деп боолгойт москвалык талдоочу Николай Петров:

- Азыр президентке тең болчу система жок. Жаңы Думада андай күч дагы азайат. Бул өлкөдөгү атуулдук коомдун алсыздыгынан болууда.

Либерал-экономист Г.Явлинский башындагы “Яблоконун” 4 орунга, Россиядагы менчиктештирүүнүн атасы атка конгон Чубайс, реформачыл Немцов жана орус “шок терапиясынын” камчыгери Гайдар катарындагы Оңчул күчтөр биримдигинин араң үч мандатка жетүүсү жаңы Мамдумада Кремлге сынды тайманбай айтып, Батыштын либералдык баалуулуктарын коргогон күчтөрдүн таасири өтө чектелүү болоорун көрсөтөт. Бул Явлинскийдин Чубайстын бир блокко биригүү жөнүндөгү сунушун четке какканынын да үзүрү.

Муну Оңчулдар партиясынын таанымал өкүлү, бир мандаттуу округда жеңилип калган Ирина Хакамада да мойнуна алды:

- Мунун баарына биз - демократтар күнөөлүүбүз. Биз жоопкерчиликти өзүбүзгө алгандыктан, эч нерсеге карабай жеңип чыгышыбыз керек эле. Бирок, биз уттуруп койдук.

Оңчул күчтөр биримдигинин лидери, мурдакы вице-премьер Борис Немцов бийликке көшөкөрлөнө кызмат кылып, Путиндин көзүн караган мансапкорлордун жана империячыл дымактагы улутчулардын парламентке топтолуусу Россия түгүл, башка мамлекеттер үчүн да өтө коркунучтуу деп санайт:

- Бул парламент Россиянын келечеги үчүн өтө коркунучтуу жана дүйнө үчүн да коркунучтуу. Анткени, демократиялуу Россия эч кимге коркунучтуу эмес. Өзөктүк куралы бар авторитардуу Россия – бул өлкөнү кой, анын коңшулары жана бүтүндөй дүйнө үчүн да чоң түйшүк.

XS
SM
MD
LG