Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

ПАРЛАМЕНТТЕ БАШМЫЙЗАМГА ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН КОЛ ТОПТОО БАШТАЛДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн парламент депутаттары кол топтошууда. Бул демилге Мыйзам чыгаруу жыйынындагы «Ата-Мекен» партиясынан чыгып, аны «Менин өлкөм» партиясына мүчө депутаттар колдоого алып кетти. Демилгечи топтун айтымында, өлкөнүн негизги мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө үн кошкон депутаттардын катары калыңдап барат.

Бүгүн парламентте партиялык тизме менен келген 15 депутат отурат. Мисалы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын спикери Абдыганы Эркебаев жана аны менен чогуу Марат Султанов, Карыпбек Алымкулов жана Акылбек Жапаров болуп Демократиялык күчтөр биримдиги (СДС) аркылуу депутаттык мандатка жетишкен. Коммунисттер партиясынан Апсамат Масалиев жана дагы беш депутат шайланган. «Менин өлкөм» партиясынан парламентте Зайнидин Курманов отурса, афганчылар менен аялдар демократиялык партиясынан экиден киши шайланган. Мындай партиялык тизме менен депутаттыкка аттанууга бүткүл элдик референдумдан кийин мүмкүн болбой калганы маалым. 2002- жылы 2-февралда өткөн референдумда эл бир палаталуу 75 депутаттан турган парламентке добуш берди. Дал ошол референдумда партиялык тизме алынып ташталды жана 75 депутат мажоритардык шайлоо аркылуу гана келмек болду.

Учурунда бул күтүүсүз жаңылыкты партиялар сындашкан, бирок чукул бир чараларды көрө алышкан эмес. Андан бери бир жылга чукул убакыт өткөндөн кийин парламенттеги айрым депутаттар пропорционалдык ыкманы кайра турмушка киргизүүгө белсенип калышты.

Мыйзам чыгаруу жйынынындагы «Ата-Мекен» партиясынын фракциясы Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча кол топтоп аткан учур. «Ата- Мекенге» мүчө депутат Дүйшөн Чотоновдун айтымында парламентте бул чечимдин жактоочулары көп экен.

- Учурда Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын жарымынан көбү кол койду. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарынын да бир тобу колдоп атат. Менимче парламент бүт эле колдойт бул демилгени. Кол топтогон кагазыбыз да толгону калды. Ушул жума акырында жыйынтыктап, маселени палатага алып чыгабыз, - дейт Дүйшөн Чотонов.

Эгер бул норма турмушка кирсе, парламенттеги депутаттардын саны көбөйүшү күтүлөт. Отуз депутат партиялык тизме аркылуу шайланып, 75и бир мандаттуу округдардан келмекчи. Депуттар кол топтолуп бүткөндөн кийин парламенттин эки палатасына «Башмыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун сунуш кылат. Парламент аны карагандан кийин же палатанын күн тартибине киргизгенден кийин депутаттар Конституциялык сотко кайрылууга укуктуу.

Конституциялык сот парламенттин бул сунушуна өз бүтүмүн жөнөтүшү керек. Бирок, мыйзамда жазылгандай, референдумда кабыл алынган чечимдер референдум аркылуу гана жокко чыгарылышы керек. Дүйшөн Чотоновдун айтымында, депутаттар «Референдум жөнүндө» мыйзамда жазылып калган ушул норманы алып салууну көздөп турушат. Азырынча президенттин, аткаруу жана сот бийлигинин буга көз карашын так айтыш кыйын. Бирок, депутаттардын кайсы бир бөлүгү партиялык тизме аркылуу келгени Президентке деле ыңгайлуу деген пикирлер өкүм сүрүүдө. Бул демилгеге дароо кол коюп берген Апсамат Масалиев «Аскар Акаевге бул нерсе керек, ошондуктан Башмыйзамга өзгөрүү кирип калышы ыктымал» деген оюн ортого салат.

- Бул сунушубуз кабыл алынып кетиши ыктымал. Себеби, бийлик дайыма өз кызыкчылыгы бар маселени жактайт да. Мисалы, 2-3 партиянын башын кошуп бекеринен партия түзүшкөн жок. Жанагы, алга дейби же арткабы, акыр мамлекетти жактаган бир партия түзүлбөдүбү?! Эгер партиялык тизме аркылуу өз кишилерибиз көбүрөөк келсин десе бийлик бул демилгени колдоп чыгат,- дейт Абсамат Масалиев.

«Алга, Кыргызстан» партиясы саясий кеңештин кезектеги жыйынында так ушул маселени талкуулаганы турат. «Алга, Кыргызстандын» өкүлү Медер Жунушалиев саясий кеңеш бир сөзгө келмейин бирдеме дештен баш тартты. Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев кандай болгон күндө да Башмыйзамга улам бир өзгөртүү киргизүүгө каршы экенин билдирди. Анын оюнда референдумда кабыл алынган норма ошол бойдон калганы дурус.

Орусиядагы парламенттик шайлоо да кыргызстандыктарга өз таасирин тийгизгендей. Партиялык тизменин болушун жактагандар пропорционалдык ыкманы дүйнө жүзүндө тааным алган жол катары баалашууда. Ошол эле учурда бул ыкма жердешчиликке жана ар түркүн бут тосууларга жол бербейт деген пикирлер бар. Булар менен катар «эл кыдырып, элдин батасы менен шайланганга эмне жетсин» деп айтчулар да жолугат. Бу жолу партиялык тизме менен өткөн Марат Султанов эмкиде бир мандаттуу округдан ат салышууну чечиптир.

XS
SM
MD
LG