Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Дүйнө өлкөлөрү интернеттин келечегин талкуулап жатышат


ЖЕНЕВА. Бүгүн Женевада ачылган конференцияда 150дөй мамлекеттин өкүлдөрү интернеттин келечегин талкуулап жатышат. Маалыматтарга караганда, өнүккөн өлкөлөр менен өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ортосунда интернетти башкаруу боюнча пикир келишпестиктер бар. Кытай, Индия, Бразилия, Түштүк Африка Республикасы жана башка өлкөлөр интернеттин бүткүл дүйнөнү камтыган желеси АКШнын көзөмөлүнөн чыгарылууга тийиш деп эсептейт. Айрым делегаттар БУУнун алдында интернетти башкаруу боюнча атайын мекеме түзүүнү сунуш кылышууда. Ал эми өнүккөн мамлекеттер бул бюрократияны гана күчөтөт деген пикирде.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG