Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Тайван өзүнүн көз карандысыздыгын коргой турганын билдирди


ТАЙПЕЙ. Тайвандын президенти Чен Шуйбянь
20-мартта референдум өткөрүп, аралга мээленген ракеталарды алып кетүүсүн Кытайдан расмий өтүнөрүн билдирди. Шуйбяндын айтымында, азыркы референдум Тайван менен Кытайдын мамилелери жөнүндөгү документтин жоболорун бузбайт жана добуш берүүнүн негизги максаты - согушту болтурбоо болуп эсептелет. Тайпейде АКШлык сенаторлордун алдында сүйлөгөн сөзүндө президент мындай деп билдирди:
"Тайван көз карандысыз өлкө. Мен Тайван Кытай республикасынын башчысы катары анын коопсуздугу менен көз карандысыздыгын коргоого милдеттүүмүн!"
Расмий Бээжин Тайванды Кытайдын бөлүнгүс чөлкөмү деп эсептейт жана Тайвандын суверендүүлүк алуу аракеттерине күч менен жооп кайтара тургандыгын эскерткен.

XS
SM
MD
LG