Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу тармагы реформаланат


БИШКЕК. Бүгүн мамлекеттик башкаруу тармагын жакшыртууга багытталган долбоордун бет ачары болду. Анда айтылган маалыматка караганда, долбоор беш жылга созулуп, 2008-жылы аяктайт. Долбоорду ишке ашырууга Дүйнөлүк банк 20 млн. доллар кредит бөлдү. Иш үч багытта жүрөт, тактап айтканда, чыгымдарды башкаруу, казыначылыкты жакшыртуу жана мамлекеттик кызматты реформалоо багытын көздөйт. Долбоорду ишке ашырууга Темирбек Акматалиев башында турган координациялык кеңеш көзөмөлдүк кылат жана анын алдында түзүлгөн техникалык комитет долбоорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү иш алып барат. Комитеттин тутумунда Президенттик администрация жана бир катар министрликтер бар. Дүйнөлүк банк 20 млн. доллардан тышкары техникалык жардам катары 8 млн. долларга жакын каражат берет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG