Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МИГРАЦИЯНЫН АБАЛЫ КАНДАЙ?


Кыргызстандын Тажикстан менен Өзбекстанга чектеш айылдарынын тургундары көчүп кетип жатышкандыгы белгилүү. Бул көрүнүш келечекте өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурарын жергиликтүү эксперттер айтып келатышат.

11-декабрда «Кыргызинфо» маалымат агенттиги Кыргызстандын Баткен облусуна Тажикстандан мыйзамсыз агылып келип жаткан мигранттарга байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдү. Ага катышкан Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Бакирдин Жолчиев Тажикстандан мигранттардын келип жатканын, бирок алардын саны аз болгондуктан, бул жерде эч кандай коркунуч жок экенин билдирди:

- Совет бийлиги убагында жолдун ылдый жагы Тажикстан, жогору жагы Кыргызстанга карап келген. Кийин тажик атуулдары жолдун өйдө жагынан жер сатып ала баштады. Бирок алардын саны болгону 40 үй-бүлө. Башка жерлерден андай көрүнүштү байкаган жокмун.

Бакирдин Жолчиев Тажикстан менен Өзбекстандан кыргыз улутундагы адамдардын Баткенге көчүп келип жатышын колдой турганын билдирди:

- Тажикстандын кыргыз улутундагы атуулдарынын көчүп келип жатышын билинбеген басып алуучу миграция деп эсептебейм жана муну жаман нерсе катары кабыл албайм.

Лейлек районунун акими Тайир Юлдашев районго кыргыз улутундагы тажик атуулдарынын көчүп келип жатканын бышыктап, миграция агымынын жолун айтты:

- Tажикстандан көчүп келип жаткандар да, Лейлектен Бишкекке көчүп кетип жаткандар бар.

Ал эми депутат Бакирдин Жолчиев Баткен облусунан Орусия менен Чүйгө карай күчөгөн миграцияга тынчсызданат. «Маселен, - дейт депутат, - Сүлүктүдөгү Макаренко атындагы орто мектепте 2000-жылы 740 бала окуса, быйыл 320 гана бала калыптыр. Орусиянын Сургут шаарында эле Лейлектин Каражыгач айылынын 400 тургуну иштеп жатат. Буларды мен жакында эле тактап келдим. Чегарага жакын айылдарда калкты кармап калыш үчүн өкмөт атайын концепция иштеп чыгууга тийиш».

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрагасы Исмаил Исаков чегара тилкесинде жайгашкан айылдардан адамдардын көчүп кетип жатышы өлкөнүн коопсуздугуна терс таасирин тийгизет деген пикирде:

- Ошол жердин шартын билип, ал жерди илгертен кайтарып жүргөндөрдүн саны азайса, чегараны коргоо начарлайт. Биздин өкмөт бул маселени чечүүгө киришпей жатат.

Антип өлкөнүн алыскы айылдарынан көчүп кетип жаткандардын көпчүлүгү Орусия баштаган чет мамлекеттерге иш издеп, жашоо үчүн кетип жатышканы да жашыруун эмес. Тышкы иштер министрлигинин Миграция департаментинин кызматкери Каниза Иязалиеванын маалыматы боюнча, Орусияда 300 миңдей, Казакстанда 120 миңдей кыргызстандыктар иштеп жүрүшөт. Башка бир маалыматтар боюнча Орусиядагы кыргыз мигранттарынын саны 800 миңге чукул. Миграция департаментинин экинчи бир кызматкери Игорь Громовдун айтымында: Mиграция экономикадагы абалдан келип чыгат. Жумуш орду болуп, жашоого жакшы шарт түзүлмөйүнчө миграция токтобойт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG