Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Түндүк Корея өзөктүк программаларын толук токтотуудан баш тартууда


Түндүк Кореяга келип, өлкөнүн жетекчилери менен жолуккан Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн айтымында, Пхеньян өзүнүн өзөктүк программаларын толук токтотууга макулдугун берген жок. Ал үчүн, Түндүк Кореянын айтымында, өлкөнүн коопсуздугун толук камсыз кылууга дүйнө өлкөлөрү кепилдик берүүгө тийиш. Эл аралык коомчулуктун катуу басымы астында, Пхеньян өзүнүн өзөктүк ишканаларын убактылуу токтоткон, бирок август айында Бээжин шаарында өткөрүлгөн алты тараптуу сүйлөшүү жыйынтыксыз аяктаган. Экинчи сүйлөшүү декабрга белгиленген, бирок ал болбой да калышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG