Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Шайлоо кодекси келээрки аптада талкууланат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоону аяктады. Жума күнү депутаттар Кыргыз Республикасындагы президентти жана парламент депутаттарын шайлоо тууралуу беренени кабыл алышты. Ага ылайык шайлоого чейин Кыргызстанда 15 жыл жашаган, жашы 35тен 65ке чейинки ар бир атуул өзүн президенттикке талапкер катары көрсөтө алат. Ал эми Кыргызстанда 5 жылдан кем эмес жашаган жашы 25ке чыккан атуул депутаттыкка ат салышууга укуктуу. Мыйзам чыгаруу жыйынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, депутаттар мыйзам долбооруна бир аптадан соң кайрылышат. Анткени, анын талаш туудурган беренелери тийиштүү комитетте каралмак болду.

XS
SM
MD
LG