Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

ЕВРОПА БИРИМДИГИ: КОНСТИТУЦИЯНЫН КЕЛЕЧЕГИН ЭМИ УБАКЫТ КӨРГӨЗӨТ


Европа Биримдигинин Брюсселдеги саммити натыйжасыз аяктады. Уюмга мүчө болгон жана ага келээрки жылы кирүүчү өлкөлөр Европанын алгачкы Конституциясынын долбоору боюнча мунасага жете алган жок. Пикир келишпестиктердин негизгиси Европа Биримдигинде чечим кабыл алуунун механизмине байланышкан. Кийинки талкуу эми бир нече айдан кийин гана өтөт. Европалык лидерлер келечекте мунаса табылаарына ишеним билдиришип, уюм кризиске кабылбаганын айтышууда.

Брюсселдеги саммит натыйжасыз аяктаары анын алдында эле болжолдонгон. Себеби Европа Биримдигинин Конституция долбоорундагы талаш маселелер саммит жуп башталаарга чейин деле чечилген эмес болчу. Эми сүйлөшүүлөрдү кайрадан уюштуруу милдети жаңы жылдан тартып уюмда төрагалык кылуучу Ирландиянын өкмөтүнө тапшырылды. Ал сүйлөшүүлөрдү өткөрүү мүмкүн же мүмкүн эместиги жөнүндө 1- мартка чейин кабар бериши керек.

Европа Биримдигин Конституциясы Франциянын мурдагы президенти
Жискар д'Эстен жетектеген комиссия тарабынан даярдалган. Конституциянын максаты - уюм кеңейип жатканына байланыштуу анын башкаруу органдарын реформалап, жаңы шарттарга ылайыкташтыруу. Документти Европа Биримдигине мүчө жага ага талапкер 25 өлкө түгөл жактырышы керек. Конституция долбоору боюнча талаштардын бир тарабында Германия жана Франция, экинчи тарабында Испания менен Польша турууда. Тараптар чечим кабыл алуунун механизмин макулдаша албай жатышат. Маселен Франция менен Германия Европа Биримдигинин Министрлер кеңешинде чечим (долбоордо каралгандай) жөнөкөй көпчүлүк менен кабыл алынышын жактайт. Башкача айтканда, тигил же бул чечим 25 өлкөнүн 13 колдоп, жана алар Европа Биримдигиндеги жалпы калктын 60%ын түзсө күчкө ээ болмок. Испания жана Польша мындай тартип ири өлкөлөргө артыкчылык берээрин айтып, ага каршы турууда. Мадрид жана Варшава добуш берүүдө 2000-жылы Ницце келишиминде каралгандай, калкынын саны азыраак өлкөлөргө берилген квоталар сакталышын талап кылып жатышат. Ал келишим боюнча калкы көп Франция менен Германия 29 дан добушка ээ болсо, Польша менен Испанияга 27ден добуш ыйгарылган. Саммит натыйжасыз аяктаганына карабай, Европа Биримдигинин айрым лидерлери келип чыккан ажырымдын маанисин төмөндөтүүгө аракеттенишип, талаш маселе боюнча мунаса табуу келечектин иши экенин билдиришти. Британ өкмөт башчысы Тони Блэр:

- Бизде макулдашууга жетүүгө убакыт бар. Менин жеке пикиримде, төрага туура чечим кабыл алды. Оң макулдашууга ээ болуу үчүн күтүп турган жакшыраак.

Ал эми Европарламенттин төрагасы Пат Кокс саммиттин жыйынтыгын төмөнкүчө баалады:

- Бүгүн макулдашууга жетүү мүмкүн болбогондугу анын зарылдыгын азайтпайт. Менимче, баардык өлкөлөр менен европалык институттардын өкүлдөрү арасында 25 өлкөдөн турган, кеңейген Европа Биримдиги эртеңки талаптарга бүгүнкү келишимдери менен жооп бере албасы жөнүндө кеңири түшүнүүчүлүк бар.

Саммит натыйжасыз аякташына Европа Биримдигинде акыркы алты айдан бери төрагалык кылган Италия, асыресе анын премьер министри Силвио Берлускони жоопкер деген ырастоолорду Европарламенттин төрагасы да, Силвио Берлусконинин өзү да четке какты. Саммит ийгиликсиз бүтүшүнө себепкер болгон өлкөлөрдүн бири - Франциянын президенти Жак Ширак кабарчылар менен болгон маегинде Европа Биримдигинде азыр кризис жок экенин белгиледи. Француз президентинин айтымында, ал уюмдун ичинде тыгызыраак интеграцияга багыт алган мамлекеттердин чакан тобу болушун каалар эле.

Бирок мындай учурда уюмдун экиге бөлүнүү коркунучу бар. Эгер жакынкы келечекте мунаса табылбаса, ал ажырымга алып бараарын немис канцлери Герхард Шрөдөр да эскертти. Ал эми Швециянын премьер-министри Горан Перссон Конституция боюнча олуттуу сүйлөшүүлөр 2005-жылдын биринчи жарымында гана башталышы мүмкүн деп эсептейт. Европа Биримдигине жаңы жылдан тарта төрагалык кылуучу Ирландиянын премьер-министри Берти Ахерн болсо Конституция сыяктуу ири жана тагдыр чечээр документ уюм кеңейе турган келээрки жылдын май айына карата кабыл алынышы арсар экенин ишара кылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG