Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

САДДАМ ХУСЕЙН ТЕРГӨӨ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАБЫ?


Соңку кабарларга караганда, Саддам Хусейндин сурактагы алгачкы маалыматтарына таянып, америкалык жоокерлер Ирактын айрым мурдагы аскер төбөлдөрүн камакка алууга жетишти. Ошентип, Саддам Хусейн АКШга каршылык көрсөткөн кээ бир топтор менен байланышта болгону тастыкталууда.

Жекшембиде АКШнын чалгындоо жана аскерий жетекчилиги Саддамды суракка алуунун жол-жоболорун аныктады. Ага ылайык, биринчиден, АКШ аскерлерине каршы соңку кол салуулар жөнүндө диктатордун маалыматы барбы деген суроого жооп алыш керек. Экинчиден, Ирактын БУУдагы мурдагы элчиси Иззат Ибрахим ад-Дури өңдүү режимдин жогорку даражалуу кызматкерлеринин баш калка жайын жана согушчандардын лидерлеринин кайда жашынып жүргөндүгүн билүүгө аракет жасалууга тийиш. Андан соң, Ирактын жаңы бийлигине кашрылык көргөзүп келаткан күчтөрдү сыпаттап берүүсүн суроо керек. Ал эми сурак жүргүзүп жаткандар Саддам менен байланыш түзгөндөн кийин же болбосо, жок дегенде, анын кастык маанайын жумшарткандан соң, Ирактын химиялык, биологиялык жана өзөктүк курал жасоо долбоорлору жөнүндөгү маселелерге өтсө болот.

Ошентип, жогоруда айтылган соболдор өзгөчө артыкчылык берилген маселелр катары көрсөтүлдү. Адистердин баамында, сурактын ийгилиги анын методдоруна жана Саддамдын психологиялык өзгөчөлүктөрүн таба алган, аны маалымат берүүгө көндүрө билген тергөөчүлөрдүн чеберчилигине байланыштуу болмокчу.
АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын терроризм менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Винс Каннистраронун пикиринде, сурактын кыйноодон башка ар кандай усулу пайдаланышы мүмкүн. Бирок эксперт өзүнүн шектенүүсүн жашырбайт: “Саддамдан эмне биле алышат? Ал өзүнүн канкордугун мойнуна алмакбы эле? Ал адилет болгомун деп жооп берээри белгилүү”. Каннистратонун оюнча, алды менен, Саддамга ал өзүн ыңгайлуу сезгендей моралдык шарт түзүш керек. “Сегиз ай бою жашынып жүргөн киши, албетте, толугу менен депрессияга баткан. Хан сарайда жашап көнгөн адам узак айлар бою жер төлөдө бекинип жүрдү”, - деп кошумчалайт Борбордук чалгындоо кызматынын мурдагы адиси.

АКШнын Ирактагы командачылыгынын өкүлү генерал Рикардо Санчес жекшемби күнкү маалымат-жыйынында Саддам колго түшүрүлгөндө каршылык көрсөткөн жок, тескерисинче ийкемдүү болуп, кепке оңой-олтоң тартылып аралашып жатты деп айткан эле.
Бирок америкалык бир катар расмий кызматкерлер Саддам кармалгандан бери АКШ армиясын кызыктырган пайдалуу бир маалымат менен дээрлик камсыз кылган жок дешүүдө. Муну АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд СиБиЭс сыналгы каналында көргөзүлгөн маегинде тастыктады. “Ал суроолорго жооп берүүгө дилгирлигин көрсөттү деп айта албайм”, - деди Рамсфелд.

Ирактагы америкалык командычынын бири “Ассошиейтед пресске” курган маекке караганда, Саддамды туткундоо маалында “өтө маанилүү бир кол жазма” табылган. Беймаалым калууну каалаган булак ошол материал коалицияга каршы күрөшкө байланыштуубу же жокпу деген суроого жооп берүүдөн баш тартты.

АКШ жетекчилиги Саддам америкалык аскерлерге каршы кол салуулардын артында тургандар жөнүндө көбүрөөк маалымат берээр үмүттө.

Бирок согушчандардын аракеттерин Хусейн өзү багыттап же жетектеп турган дешке азырынча далилдер жок. Экс-диктаторду таап кармоого тартылган АКШнын 4-жөө дивизиясынын командири, генерал Рэй Одиерно жекшемби күнү мындай деп билдирди:

- Саддам жашырынып жүргөн жайда эч кандай чөнтөк телефон же башка байланыш жабдуулары табылган жок. Ал каршылык көрөстүү чараларын координациялап турчу эмес. Анткени алар улуттук деңгээлде бир жетекчи тарабынан башкарылаарына мен ишенбейм.

Ал эми АКШ сенатынын чалгындоо комитетинин төрага орун басары Жэй Рокфеллердин пикиринде, Саддам согушчандардын үстүнөн чындап эле көзөмөлдөп турбаса, анда согушчандар экс-диктатор үчүн эмес, Кошмо Штаттарына каршы өз алдынча күрөшүп жатышат дешке негиз бар. Бул болсо өтө кооптуу көрүнүш, - дейт Рокфеллер.

АКШнын чалгындоо кызматтары ошондой эле, быйылкы согушту баштоого негиз берген Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары жана экс-диктатордун террористтер менен байланыштары жөнүндөгү маселеге бара-бара айкындык киргизүүгө үмүттөнүп жатышат. Ошол эле мезгилде, айрым эксперттердин оюнча, Саддамдын маалыматы чындыкка төп келбеши да мүмкүн. Себеби экс-диктатордун айланасындагы кээ бир кишилер аны жалган маалымат менен камсыздап, Ирактын курал программаларын апыртып-көбүртүп сүрөттөп жиберишкен деген да жоромолдор айтылып келет.

АКШнын расмий өкүлдөрү Саддам Хусейнге согуш туткундары жөнүндөгү Женева конвенциясынын жоболору колдон улаарын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG