Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

Нарында бир улуттагы адамдарга байланышкан долбоор иштей баштады


НАРЫН. «Элет айымы» бейөкмөт уюмунун бул долбоорунун өзгөчөлүгү – жалаң бир улут кылка жашаган аймактын маселесин көтөрөт. Бул тууралуу 15-декабрда долбоордун өкүлү Гүлжамал Султаналиева билдирди. Анын айтымында, моноэтникалык аймакка өлкө боюнча Нарын облусу гана кирет. Себеби, Нарындын калкынын 98,3% жалаң кыргыз. Совет бийлиги кулагандан кийин балдарга улут аралык тарбия берилбей калды. Натыйжада, жалаң кыргыздар жашаган жерлерде өскөн балдар бөлөк улуттагыларга басым жасоо менен бирге, өздөрү башка улуттардын тилин билбей калышууда. Жалаң кыргыздардын бир аймакта жашаганынын таасири уруу-уруучулукка бөлүнүүгө да алып келүүдө.

XS
SM
MD
LG