Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:06

Саддам Хусейндин үстүнөн жүргүзүлүүчү сот иши эл аралык стандартка ылайык болот


АКШнын президенти Жорж Буш Ирактын мурдагы диктатору Саддам Хусейндин үстүнөн болчу сот жараяны маалымдуулук шартында, ирактыктардын өздөрүн камтуу менен жүргүзүлүшү керектигин, ошондой эле бул сот эл аралык стандартка ылайык болушу зарыл экенин айты.
Кечээ ал Ак үйдө журналисттерге мындай деп билдирди:
- Эмнени жүзөгө ашыруу керек? Бул – Саддамды адилет сотко тартуу. Бул сот ишине ирактык атуулдар өзгөчө катышуусу абзел. Сот калайык үчүн ачык болушу керек жана Саддам жасаган толук ашкерелениши керек. Сот адилет болооруна мен ишеничтемин.
Саддам Хусейн өткөн ишемби күнү Тикрит шаарынын жанындагы бир үйдүн жертөлөсүндө кармалган.

XS
SM
MD
LG