Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Кабул-Кандагар жолу кайра ачылды


Ушул эле күнү Ооган президенти Хамид Карзай баш калаа Кабул менен түштүктөгү Кандагарды байланыштырган кан жолдун ачылыш аземине катышты. Реконструкцияланган жолдун кайра ачылышы ооган эли үчүн өтө кубанычтуу окуя болду деди президент:

- Азиянын чак ортосунда орун алган өлкөбүздүн кошуна мамлекеттерди да бириктирген чордон болуп калуусун каалайбыз. Эми Ооганстан мыкты жолдор аркылуу башка өлкөлөр менен байланышып калат.

Салтанаттуу аземге ооган өкмөтүнүн өкүлдөрүнөн сырткары АКШ менен Жапониянын элчилери да катышты.
Кечээ эртең менен болсо коалициянын Кабулдан 220 километр алыстыкта жайгашкан базасына талипчилер деп шектелген белгисиз адамдар тарабынан соккуу урулду. АКШ армиясынын басма сөз өкүлү билдиргендей, бир саатка созулган ок атышуудан коалиция тараптан жоготуулар болгон жок. Ал эми кол салгандардын экөө өлтүрүлүп, дагы үчөө туткундалды.
Соңку айларда Ооганстандагы америкалык күчтөргө каршы чабуулдар көбөйгөнүнө байланыштуу АКШ армиясы 200 миң жоокер тартылган атайын операция баштаган эле. Командачылыктын айтуусунда, бул талибан режими кулатылган 2001-жылдан берки эң ири аскерий иш-чара болуп калды.

XS
SM
MD
LG