Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:28

«Кыргызгаздын» башчысы кайрадан Ташкенде


БИШКЕК. «Кыргызгаз» акционердик коомунун жетекчиси Автандил Сыдыков бүгүн Ташкенге жөнөп кетти. Максаты - 2004-жылда «Узтрансгаздан» газ сатып алуу боюнча келишимге кол коюуга жетишүү. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдө белгилүү болгондой, өзбек тарап газды мурдагы шартта сатуудан баш тартып, акыны нак акча менен төлөөнү талап кылууда. Бирок кыргыз тарап мындай шартка макул эмес. «Кыргызгаздын» маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, «Кыргызгаз» жаңы жылга чейин газ сатып алуу боюнча келишимге кол коюуга жетишүүгө аракеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG