Израил аскерлери бүгүн таңга маал Наблус калаасында куралчан төрт палестинди атып өлтүргөнү кабарланды. Палестин тараптан күбөлөр "Ассошиэйтед пресс" агенттигине чакан кагылышуудан кийин беш адамдын өлүгүн көрүшкөнүн айтып беришкен. Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон бүгүн кечке маал жөөт-палестин чатагы тууралуу атайын кайрылуу жасаары күтүлүүдө.