Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

Франциялык дипломаттар бюджеттин кыскартылышына нааразы


Алар тышкы иштер министрлигинин бюджетин кыскартуу пландарына нааразылык билдирип, ушул айда 2-жолу иш таштоо жарыялашты. Ага канча адам катышып жатканы белгисиз, башында Франциянын Азия өлкөлөрүндөгү элчиликтери менен консулдуктары нааразылык акциясы 24 саатка созуларын билдиришкен. Дүйнөдөгү чет мамлекеттердеги элчиликтери менен өкүлчүлүктөрүнүн саны жагынан Америкадан кийинки 2 орунду ээлеген Франция келэрки жылы тышкы иштер министрлигиндеги 116 жумуш ордун кыскартып, жалпы чыгымдарын 2%га азайтууну пландаштырып койгон.

XS
SM
MD
LG