Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИКТЕРДЕ АКЧА ЖОК


Айданбек Акмат уулу, Прага 19-декабрда Өкмөт үйүндө бийликти элге жакындатууга арналган жумуруяттык кеңешме өттү. Анда жергиликтүү бийлик органдарын күчтөндүрүү, аларды каражат жагынан колдоо жана айыл өкмөттөрүндө иштеген кадрларды окутуу маселелери талкууланды.

Жыйынга өлкөдөгү айыл өкмөттөрүнүн, райондук жана облустук администрациялардын башчылары, өкмөт мүчөлөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Кеңешмени өкмөтсы башчы Николай Танаев ачып, президент Аскар Акаевге сөз берди.

Мамлекет башчысы жыйында карала турган маселелер тууралуу маалымат берди:

- Биринчиден, «2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну элге жакындатуу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча» улуттук стратегиябызды жүзөгө ашырууну талкуулашыбыз керек. Экинчиден, Кыргызстандын элине кайрылуума ылайык 2004-жыл социалдык мобилизациялоо жылы болуп калууга тийиш. Бүгүн ушул маселелерди карайбыз.

Президенттин айтымында, стратегияны аткаруу бийлиги турмушка ашырууга тийиш. Ага каражат жагынан эларалык каржы уюмдары, Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы жардам берет. Стратегиянын алкагында Дүйнөлүк банк айылдарды жана чакан шаарлардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 30 млн. доллар бөлүүдө.

Өлкөдөгү экономикалык кырдаалга токтолгон президент быйылкы жылдагы макроэкономикалык туруктуулук келерки жылы экономикалык өсүшкө шарт түзөөрүн билдирди. Президент жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигин өнүктүрүш үчүн аларды каржы жагынан чыңдоо, кадрларды окутуп, билимин өркүндөтүү, борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин укук-ыйгарымдарын так бөлүштүрүү зарылдыгын белгиледи.

Андан кийин кеңешменин катышуучулары сөз сүйлөштү. Маселен, Талас облусунун губернатору Искендер Айдаралиев жергиликтүү бийликти өнүктүрүүнүн бир жолу катары менчикке бериле элек жерлерди айылдарга өткөрүп берүүнү сунуштады:

- Мына ушул интенсивдүү пайдаланылган жерлерди жана алыскы жайыттарды айыл өкмөттөрүнө өткөрүп берсек жакшы болмок. Ошондо облустагы айыл өкмөттөрүнө бир эле жылда салыктан 3 млн. 702 миң сом, ижарадан 3 млн. 600 миң сом киреше болуп, жергилктүү бийликтин бюджетине жалпысынан 7 млн. 300 миң сом түшмөк.

Искендер Айдаралиевден кийин сөз алган Ош облусунун Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Кочкорбаев БУУнун өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча долбоорунун алкагында өзү жетектеген айыл өкмөтү бир катар ийгиликтерге жетишкенин белгиледи. Кочкорбаев тартип коргоо органдарынын тынымсыз текшерүүсү тоскоолдук кылып жатканын да билдирди:

- Биздин жүдөтүп жаткан күч органдары. Каржы полициясы, салык инспекциясы, эсеп палатасынын аудиторлору текшерет. Ички иштер министрлигиндеги коррупция жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмдөрү эки-үч айда сөзсүз бизге келип, «саламдашып» турат, - деп Мады айыл өкмөтүнүн башчысы айтканда залда отургандар «чындык» дегенсип кол чаап жиберишти.

Кочкорбаевдин айтымында, өлкөдө бюджет тууралуу мыйзам одоно түрдө бузулууда. Маселен, мыйзамга ылайык жер салыгынын 90% жергиликтүү айыл өкмөттөрүндө калууга тийиш болсо, иш жүзүндө 50% араң калат. «Мындай шартта айылдардын өнүгүшү кыйын», деди Кочкорбаев. Аны андан кийин сөз сүйлөгөн бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ырастады.

Борбордук бийликтин пикиринде, мындай маселелер, мыйзам чегинде чечилүүгө тийиш. Кеңешмеде БУУнун өкүлү Давид Акопян да сөз сүйлөп, Бириккен улуттар уюму Кыргызстанга колдоо көрсөтүүнү улантаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG