Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

КАНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫК АТУУЛ АДАМ АТКЕЗЧИЛИГИНИН КУРМАНДЫГЫ БОЛГОНУ БЕЛГИСИЗ


«Коом жана турмуш» аттуу маалымат-аналитикалык программабыздын жаңы чыгарылышы адам сатуу көйгөйүнө арналды.

БҮБҮКАН ДОСАЛИЕВА: Совет бийлиги кулагандан кийин адам сатуу көрүнүшү Кыргызстанда да пайда болуп, акыркы 5-6 жылдан бери миңдеген адамдардын тагдырын талкалаган көйгөйгө айланды. Ошондон улам президент Аскар Акаев 2002-жылдын башында «Адамдарды чегарадан мыйзамсыз алып өтүү жана сатууга каршы чара көрүү тууралуу» жардыгын чыгарып, ошол жылы бул багытта иш жүргүзүүчү улуттук кеңеш түзүлгөн. Улуттук кеңешке бардык тартип коргоо органдарынын жетекчилери киргизилип, эки жылдык иш-чаралардын планы бекитилген. Ага карабастан, адам сатууну өнөр кылган шылуундардын тузагына илингендердин саны өсүп барат.

Башкы прокурордун орун басары Курмантай Абдиевдин маалыматы боюнча, 2000-жылы өлкө чегарасынан мыйзамсыз өткөн 20 адамга карата кылмыш иши козголуп, анын 12си сотко берилсе, быйыл тогуз айда 28 адамга каршы 18 кылмыш иши ачылды. Ал эми Ички иштер министрлигинин бөлүм башчысы Мырзабек Исмаиловдун айтымында, ушул жылдын октябрь айында адам сатуу менен машыгып калган топ кармалды. Он адамдан турган топ 13 жана 16 жаштагы эки өспүрүм кызды айылдардан Бишкекке алып келип, чет өлкөгө жиберерде кармалган. Иликтөөгө караганда, топ буга чейин 20 кызды өз торуна түшүргөн.

Андан тышкары министрлик жакында сойкулук бизнеси үчүн Кытайга алынып кеткен 6 кызды Кыргызстанга алып келди. Бириккен Араб Эмираттарына кыздарды алдап, алып барып жүргөн кылмыш тобунунун да бети ачылды. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин алдындагы Интерполдун бөлүмүнүн ага кызматкери Амангелди Кожомкуловдун айтымында, Людмила жана Кристина Надорожная аттуу эне менен кыз Кыргызстандан жаш кыздарды азгырып алдап, Бириккен Араб Эмираттарына жеткирип турушкан.

- Кызы менен энеси кыз-келиндерди «чет өлкөдө кафеде иштейсиңер, же башка жумушка орноштурабыз» деп алдап чет мамлекетке алып барып, ал жакка жеткенде паспортторун тартып алып, сойкулук ишке салып турган, - дейт Амангелди Кожомкулов.- Энеси - Людмила Надорожная Эмиратта жүргөн. Кызы бул жерде кыздарды топтоп, жөнөтүп турган. Мисалы, ал 1989-жылы туулган Арнольд,1984-жылкы Люц Юля, ушул эле жылы туулган Шипачова жана Сизикова деген кыздарды бул жерден алдоо жолу менен Эмиратка алып барып, сойкулукка салган. Баргандан кийин алардын паспортторун тартып алып, сойку болууга мажбур кылганда, кыздар чыдабай качып чыгышкан. Алардын колдорунда паспорттору жок болгондуктан түрмөгө түшүп калышкан.

Эл аралык миграция уюмунун иликтөөсү боюнча, адам сатууга өбөлгө түзгөн негизги үч жагдай бар. Анын биринчиси – бул кылмыштын өтө көп киреше бериши. Экинчиси-жазанын жеңилдиги же такыр эле жоктугу жана коомдо адам сатуу жана алданып калуу тууралуу маалыматтын жоктугу.

Кыргызстанда да айрым шылуундар бул кирешелүү тармакта иштөөнү тез өздөштүрүп алышкан. Адам сатуу тууралуу такыр маалыматы жок жумушсуздардын бир даары алардын «чет өлкөдө чоң маяналуу иш менен камсыз кылабыз» деген укмуш убадаларына алданып калышууда.

Кыргыз өкмөтү быйыл адам саткандарга жана аны уюштурууга көмөкчү болгондорго жазаны күчөтүү боюнча өзгөртүүлөрдү Кылмыш-жаза кодексине киргизди. Мындай демилге бул көйгөйдү иликтеген жарандык коомдун жана эларалык уюмдардын өкүлдөрүнөн чыкты.

Анткен менен абал кескин өзгөргөн жери жок. Адистердин баамында буга коомдо маалыматтын аздыгы жана жумушсуздук башкы себеп болууда. Аны кабарчыбыз Алтынбек Исмаилов уюштурган сурамжылоо да айгинеледи.

АЛТЫНБЕК ИСМАИЛОВ: - Рахмат, мен угармандар арасында сурамжылоо жүргүзгөн элем.

АЛТЫНБЕК: - Сиздердин араңыздарда чет өлкөгө барып иштеп келгендер барбы?

Атын атабаган жумушчу: - Казакстанда жалаң тамеки өстүргөн Чилик деген район бар экен. Эрте жазда ушул жерден ошол жакка үчөөбүздү алып кетти. Өзгөндүк аксакал киши экен. Ал «неберем бар, Кудай деген кишимин, жакшы төлөп берем» деп алып барып туруп, ар бирибизди алты миңден он сегиз миңге чейинки баага сатып ийди.

АЛТЫНБЕК: - Кантип сатып жиберди?

- Машина алып келип бизге «Мынабул машинага отура бергиле, мен аркаңардан барам»,- деди. Бирок, барган жок.

АЛТЫНБЕК: - Документи жок бардыңыз беле?

- Ооба.

АЛТЫНБЕК: - Чегарадан кантип өттүңүз?

-Негизинен Георгевкадан акча берип өтөт экенсиң. Курдайдан өткөндөн кийин дагы бир чегара бар экен, аны жөө айланып өтүп кетет экенсиң.

АЛТЫНБЕК: - Ал жакта аялдар да бар бекен?

- Бала-чакасы менен жүргөн аялдар бар. Эки кичинекей баласы менен алданып барып алган мырзакелик аял жүрөт. Эми келе албайт ал, ошол боюнча калды...

АЛТЫНБЕК: - Сиздердин араңыздарда Казакстандан башка мамлекеттерге жумушка баргандар барбы?

Атын атабаган жигит: - Менин байкем былтыр ортомчулар аркылуу Орусиянын Самара шаарына барып, алты-жети ай иштеп, акчасыз кайтып келген.

АЛТЫНБЕК: - Эгерде чет өлкөлүктөр келип жумушка чакырса барат белеңиздер?

Атын атабаган биринчи жумушчу: - Жакшы төлөп берсе, албетте, барат элек.

АЛТЫНБЕК: - Бирок, сиз «алданып келдим» деп жатпайсызбы?

Атын атабаган биринчи жумушчу: - Ооба, аксакал кишиге ишендим. Себеби, улгайып калган, татынакай кийинген, өзү дагы жылдыздуу киши болчу. «Мен алдабайм, мени менен чогуу жашайсыңар, иштейсиңер, айлыгыңарды аласынар» деп туруп алып кеткен.

Атын атабаган дагы бир жумушчу: - Барып иштегенден башка эмне кылыш керек? Чет өлкөгө кетип өлүп келиш керек же акча таап бутума туруп келишим керек. Башка айла жок.

АЛТЫНБЕК: - Сойкулук жумуш менен барып аткан кыздарды билбейсинерби?

- Бар албетте, ал жакка барып казактарга экинчи аял болуп тийип алгандар бар, үчүнчү аял болуп тийип алгандар да бар

БҮБҮКАН ДОСАЛИЕВА: - Рахмат, Алтынбек. Адам сатуу бизнесинин Кыргызстанда калыптанып калган бир нече жолдору бар. Аны Социалдык технологиялар агенттиги иликтеп чыкты. Эл аралык миграция уюмунун көмөгү менен иликтөө жүргүзгөн бейөкмөт уюмдун иликтөөсүнө караганда, Кыргызстан адам сатуучулар иштей турган, алардын товарын башка өлкөгө өткөрө турган жана товар даярдала турган өлкөгө айланып, анын маршруттары калыптанып калды. Ал тууралуу Социалдык технологиялар агенттигинин жетекчиси Анара Молдошева бизге кенен маалыматтарды берди.

- Эң ириде Орусия жана Казакстан деген ири маршруттар бар, - деп сөз баштады Анара Молдошева. - Ал эмгек миграциясы менен байланыштуу. Орусияда жашаган 300 миңден 500 миңге чейинки кыргызстандыктардын көбү жумушка орношуу тилеги менен барышып, бирок, кулга айланган учурлар көп. Ал эми Казакстанда жүргөн 50 миңден ашык кыргызстандыктардын ичинен тамеки талаасында иштейбиз деп кеткендердин көбү да адам сатууну жашыруун жүргүзгөн шылуундардын курмандыктары болот. Ал эми секс өндүрүшүнө иштөөчүлөрдү сатуу маршрутун карай турган болсок, анын эң ириси Дубай маршруту. Кыргызстандан алданып барган аялдардын көбү ошол жерде иштетилет. Экинчи бир ири жаңыдан калыптана баштаган мамлекет - Түштүк Корея, тактап айтканда, Сантаун маршруту. Биздин эксперттердин айтымында, Кыргызстандан барган кыздардын негизги тобу азыр Сантаун шаарында топтолот. Андан кийин Кытай маршруту деген өзгөчө бир маршрут бар. Ал соода жана баңги соодасы менен байланыштуу. Мында соодагерлер адамдарды Кытайга алып барып, ал жерден алган товары үчүн адамдарды насыя иретинде күрөөгө ташташат. Насыясы төлөнгөндөр келишип, айрымдары дагы эле күрөөдө жатканы белгилүү.

Кыргызстан андан тышкары товарды бир өлкөдөн экинчи өлкөгө өткөрүүчү өткөөл өлкө болуп баратат. Өзбекстан менен Тажикстандан алып келинген кыздар Ош шаары аркылуу башка өлкөлөргө жөнөтүлөт. Белгилей кетүүчү дагы бир жагдай бар: ал биздин паспорттордун оңой жасалмаланышы. Ушундан улам адам сатуучулар жашы жете элек кыздарга паспортту жасатып, адегенде Орусияга алып барып, ал жерден Казакстанга, андан башка чет өлкөлөргө алып кетип жатышат.


БҮБҮКАН ДОСАЛИЕВА: - Анара Молдошева айткан Кытай маршруту боюнча күрөөдө жаткан атуулдардын так саны эч кимге белгисиз. Кыргызстандан Кытайга каттоо көбүнчө Нарын облусу аркылуу болгондуктан бул маселени Нарын облусундагы кабарчыбыз Жаркын Ибраева иликтөөгө алган эле.

ЖАРКЫН ИБРАЕВА: - Быйыл жайында Кыргызстандын төрт атуулу Кытайдын Синцзянь уйгур автономиялуу районунда барымтада жаткан жеринен качып келишкен. Алардын эң улуусу 1978-жылы, кичүүсү 1983-жылда туулган экен. Үчөө Нарын облусунун, бири Ош облусунун тургундары. Качып келгендердин бирөөсүнүн айтуусу боюнча, ал барымтада 2001-жылдан бери жаткан. Азыр кыргыздын канча атуулу күрөөгө салынганы белгисиз. Айрым маалыматтар боюнча, алардын саны миңден кем эмес. Кыргыз-Кытай ишкерлеринин биргелешкен кеңешинин катчысы Самат Алиевдин айтымында, соодага барып, күрөөгө салынган кыргыз атуулдарынын укугу корголгон жок.

САМАТ АЛИЕВ: - Кытай мамлекетинде кыргыз атуулдарынын барымтада жаткандыгын тактоо үчүн Тышкы иштер министрлигинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси 2002-жылдын жазында Кытайга атайын барып келген. Ал кыргыз атуулдары чын эле барымтада жаткандыгын аныктаган. Нарын облусу Кытай менен чектеш болгондон кийин президенттин протоколунун негизинде Синцзянь уйгур автономиялуу районунун Кызылсуу кыргыз району менен Нарын облусунун ортосунда ишкер кеңеш түзүлгөн. Ишкер кеңештин биринчи жыйынында негизги маселе катары ушул көйгөйдү айтканбыз. Кыргызстандын элчилиги Пекинде тургандыктан, Кытайдын берки жагына барган биздин атуулдардын укугун коргоо кыйын. Ошондон улам Синцзянь уйгур автономиялуу районунда же Артышта Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармасын ачып, ошол жерге барган кыргыз ишкерлеринин укугу коргоого алынса абдан жакшы болмок. Биз бул маселени көп жерде айтып жүрөбүз. Бирок, эмнегедир ал маселе ушул күнгө чейин чечилген жери жок.

ЖАРКЫН ИБРАЕВА: - Быйылкы жылдын декабрь айынан тартып «Теңдеш» уюму «Кул сатууну токтотуу» аттуу долбоорун ишке киргизди. Анын максаты чет өлкөгө бараткан атуулдарга акысыз кеңеш берүү жана барымтада болуп, кыйналган адамдарга жардам көрсөтүү. «Теңдеш» бейөкмөт уюмунун башчысы Света Саякбаеванын айтымында, ай башынан бери уюмга кеңеш сурап 16 адам кайрылды.

БҮБҮКАН ДОСАЛИЕВА: - Рахмат, Жаркын. Кыргыз мыйзамдары боюнча атуулдарды чет өлкөгө жөнөтүүнүн бир гана жолу бар. Ал эмгек мигранты катары жумуш бере турган тарап менен түзүлгөн ырасмий келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Тышкы иштер министрлигинин Миграция департаментинин деректири Зафар Хакимовдун айтымында, андай фирмалардын саны 12. Бирок, эч кандай уруксатсыз эле адамдарды өлкөдөн башка жакка алып кетип жаткандар арбын:

- Жумушка жайгаштыруу боюнча биздин департаменттен ырасмий түрдө 12 фирма уруксат алган, - дейт Зафар Хакимов. - Анын төртөө Казакстанга эмгек мигранттарын жөнөтүү боюнча алектенет. Калгандары Түркия, Корея, Улуу Британия жана Америкага иштөөчүлөрдү жөнөтүшөт. Жакында биздин кызматкерлер Казакстанга барып, эки апта жүрүп, текшерип келишти. Казакстанда иштөө максатында төрт гана фирма ырасмий уруксат алган болсо, азыр отузга жакын жеке ишкерлер жумушчуларды өз алдынча топтошуп, Казакстандагы иш берүүчүлөргө өткөрүп беришип, акысын алышат экен. Биз алардын тизмеси менен даректерин тактап алдык. Тилекке каршы, алардын көбү аялдар экен. Эми алардын дарегин тартип коргоо органдарына берип, алардын артынан түшөбүз.

БҮБҮКАН ДОСАЛИЕВА: - Адам сатууга, анын ичинде кул катары иштетүүгө, секс өндүрүшүнө салууга каршы күрөшүүчү мамлекеттик органдар кандай аракеттерди көрүп жатат? Бул суроо менен Адамдарды мыйзамсыз алып кетүүгө жана сатууга каршы күрөшүү боюнча улуттук кеңештин координатору Алтынай Сулайманова менен баарлашкан элек.

Суроо: - Алтынай айым, азыр адам сатуу же тактап айтканда, адамдарды мыйзамсыз ташуу коомду бейпайга салган көйгөй болуп баратат. Бул кырдаалды жөнгө салуучу уюм катары улуттук кеңеш кандай аракеттерди көрүп жатат?

Жооп: - 2001-жылы АКШнын мамлекеттик департаменти «Кыргызстан адам сатууга каршы чара көрбөй жатат» деп, үчүнчү топтогу мамлекеттердин катарына кошуп койгон эле. Бул көйгөйдү жоюу жаатында улуттук кеңеш жакшы иш жүргүзүп жатат. Натыйжада, азыр көп долбоорлор ишке киргизилди. Алардын алкагында былтыр 127 адам чет өлкөдөн кайтарылып, алардын дарылоодон өтүштү. Азыр өз үй-бүлөлөрү менен жакшы жашап жатышат.

Суроо: - Адам сатуу тууралуу маалыматтын эл арасында аздыгы бул көйгөйдүн күчөшүнө түрткү болууда. Демек, бул багыттагы ишти жакшыртуу зарыл го?

Жооп: - Абдан туура. Былтыр Эларалык миграция уюмунун жардамы менен эл арасында жакшы иш-чара өткөрүлгөн. Тилекке каршы, быйыл ал токтоп калды. Бирок, Эларалык миграция уюмунун жетекчиси Коколи Рей айым азыр жардам берүүчү уюмдарды издеп жатат. Эгер донор табылып калса маалымат берүү иштерин кайра жандандырабыз.

Суроо: - Биздин иликтөө боюнча, бул проблемага каршы күрөшүүдө улуттук кеңеш сыяктуу коомдук уюм алсыздык кылат экен. Ошон үчүн атайын иш алып баруучу мамлекеттик атайын орган түзүп, көзөмөлдү күчөтүү керектей…Бул боюнча, кандай ойдосуз?

Жооп: - Күчөтүү керек. Эң негизгиси - Ички иштер министрлигинде мамлекеттик деңгээлде иш алып баруучу башкармалык түзүү зарыл. Себеби, адамды сатуу боюнча иш алып барган атайын бөлүм жок. Ошондуктан, улуттук кеңештин төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмоновдун атынан Ички иштер министрине кат жөнөттүк. Министр ага көңүл бөлүп, 2004-жылы өзүнчө бир бөлүм түзбөсө, чынында, бул ишти алга жылдыруу абдан кыйын.

XS
SM
MD
LG