Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

ФЕЛИКС КУЛОВДУН ПРЕЗИДЕНТИККЕ ТАЛАПКЕР БОЛУШУНА КОНСТИТУЦИЯ ТОСКООЛ ЭМЕС


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Феликс Кулов 2005-жылдагы президенттик шайлоого өз талапкерлигин койгонго Конституция жол береби? Жакындан бери бул маселе коомчулукта кызуу талкууга алына баштады. «Атамекен» партиясынын лидери, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин «алдыдагы президенттик шайлоодо «Арнамыс» партиясы менен биригип, Феликс Куловду талапкер катары алып чыгабыз» деген сунушун түрмөдө жаткан оппозициянын лидери туура көрдү. Феликс Куловдун пикири боюнча, анын талапкер катары чыгышына Конституцияда тыюу салган берене жок.

Өткөн аптада «Атамекен» партиясынын жетекчиси, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев алдыдагы президенттик шайлоодо «Арнамыс» партиясы менен «Атамекен» бир талапкерди алып чыгаарын, ал - Феликс Кулов болоорун жарыя кылды. Өмүрбек Текебаев бул - азырынча өзүнүн гана көз карашы экенин, Борбордук шайлоо комиссиясынын буга мамилеси кандай болоорун билбестигин айтты:

- Бул - менин көз карашым. Борбордук шайлоо комиссиясы жана башкалар кандай карайт, бул - башка кеп. Бирок мен айткандай, кырдаалга жараша Феликс Шаршенбаевичтин акталып чыгуу мүмкүнчүлүгү абдан чоң.

Эгерде Феликс Кулов шайлоого чейин акталып чыкпаса, маселе кандай чечилиши мүмкүн? Ал тууралуу Өмүрбек Текебаев буларды кошумчалады:

- Эми акталбай калып, Конституциялык сот Шайлоо кодексиндеги норманы жокко чыгарса, же «бул норма президенттикке талапкерге таралбайт» деп чечим чыгарса, Борбордук шайлоо комиссиясы Феликс Куловдун талапкерлигин каттоого милдеттүү болот. Эгер окуя ошондой өнүксө, анда, ал түрмөдө отуруп деле шайлоого катыша берет.

Андан ары Өмүрбек Текебаев бул маселе боюнча Феликс Кулов менен макулдашылганын, бирок «Арнамыс» партиясы кандай чечим кабыл алат, аны келечек көрсөтөөрүн кошумчалады.

Мына ушул жана башка маселелер тууралуу Феликс Кулов да өз көз-карашын жазуу түрүндө ачык билдирди. «Арнамыс» партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова «Куловдун саясый туткун экенин Европарламент, АКШнын мамлекеттик департаменти жана эларалык, ошондой эле жергиликтүү адам укугун коргоочу уюмдар тааныды, ошондуктан, Өмүрбек Текебаевдин айтканы жөндүү экенин Феликс Кулов да бышыктап, өз жообун билдириптир» деди:

- Негизинен, Конституцияда «түрмөдө жаткан киши президенттикке талапкерлигин көргөзө албайт» деген жобо жок. Ал эми Конституция бардык мыйзамдардан жогору турат.Феликс Кулов «ушул жагынан алып караганда Өмүрбек Текебаевдин көтөрүп чыккан демилгеси туура» деп билдириптир.

Ал эми Феликс Куловдун өзүнүн алдыдагы шайлоодо талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу пикири тууралуу Бөдөш Мамырова мындай дейт:

- «Шайлоого чейин дагы убакыт бар. Ага чейин ар кандай өзгөрүүлөр болот. Ар кандай варианттар болушу мүмкүн. Тактика, стратегия өзгөрөт. Анан, эң негизгиси - убакыт көргөзөт» - деп жазыптыр.

Соңку кезде «алдыдагы шайлоодо ким жеңишке жетип, мамлекет башчысы ким болот?» деген суроо коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Феликс Кулов жакынкы күндөрдө айрым басылмаларга жарыяланчу маегинде «Эгерде сиздин талапкерлигиңиз катталса, шайлоодо жеңип чыгышка көзүңүз жетеби?» деген суроого «Эгерде мен жеңишке жетише албасам, мени бул жерге отургузбайт эле» деп жооп бериптир.

Бирок, азыркы кыргыз бийлиги, анын ичинде мамлекет башчысы Аскар Акаев да Феликс Куловдун саясый туткун эместигин, ал катардагы эле кылмыш иши үчүн түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жатканын бышыктап келет. Ал тууралуу мамлекет башчысы жайында Өнөктөштүк форумунда мындай деген эле:

- Менден эмнегедир Кулов саясый айыпкер катары абакта жатканын айтышып, аны бошотууну же баш чарасын өзгөртүүнү суранып келишет. Мен андай Кулов жана андай козголгон иш жок деп эсептейм.

Ал эми Феликс Кулов азыркы бийлик ээлерин же алардын айткандарын колдоо таптакыр мүмкүн болбой калганын айтып келатат:

- Бүгүнкү күндө бийликтегилерди колдоо таптакыр мүмкүн болбой калды.

Ошентип, Феликс Кулов түрмөдө жатып президенттике талапкер болуп катышууга Конституция жана «Шайлоо кодекси» тоскоол боло албастыгы маалым болуп отурат. Бирок, шайлоого чейин, жогоруда Феликс Кулов билдиргендей, көп нерсе өзгөрүп кетиши да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG