Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

«Айылбанкы» түзүлөт


БИШКЕК. Жаңы жылдан тартып Кыргыз айыл-чарба финансы корпорациясы (КАФК) «Айылбанкына» айланат. Бул тууралуу бүгүн корпорациянын деректири Бактыгүл Жээнбаева «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, азыр корпорациянын жүгүртүүдөгү каражаты 1 млрд. 257 миң сомду түзүп, кредиттердин кайтарымы 97% жетти. Өлкө калкынын 60% түзгөн дыйкандар кредитти кайтаруу маданиятын өздөштүрүп, корпорацияны банкка айландырууга негиз берчү жагдай түзүлдү. Андан тышкары, корпорациянын 2004-2010-жылдардагы стратегиясы иштелип чыгып, жакынкы жылдардагы бизнес-планы түзүлдү. Ага ылайык эмдиги жылы кредиттик портфелдин көлөмүн 2 млрд. сомго, ал эми 1 жылдык кредитти 1 млрд. сомго жеткирүү максаты алдыга коюлду.

XS
SM
MD
LG