Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:09

Ирактын ар башка аймактарында болгон жардыруулардан он чакты адам набыт болду


Багдаддын түндүк тарабында жолдо баратып бомбага жарылган машинеде АКШлык үч аскер набыт болушту. Андан мурдараак Ирактын түндүгүндө күрттөр байырлаган Эрбил калаасында Ички иштер министрлигинин бөлүмүнүн алдында да жеңил машинеге катылган бомба жарылып, андагы жанкечтиден башка дагы үч киши набыт болуп, 15 адам жараат алышты. Ага удаа Багдадда микроавтобус жардырылып, бир киши шейит кетип, дагы экөө жарадар болгону кабарланды. Өткөн түнү Багдадда коалициялык күчтөр менен жергиликтүү куралдуу топтордун ортосунда кагылышуулар уланып, америкалык авиация башкалаанын түштүк ыптасына абадан чабуул койгону, Мосул шаарындагы атышууларда Ирактын коопсуздук кызматынын өкүлү окко учуп өлгөнү маалымдалды.

XS
SM
MD
LG